Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 19.12.2019

Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчисине нааразылар кайрадан митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Бишкек шаарында ондогон киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыгышты. Алар мекеменин башчысы кошуунга чогулган мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулган адамдар Жогорку соттун имаратынын алдында турушат.  Чогулгандар митингдерин жыл башынан бери улантып келе жатышат. Мурдагы акциялардан кийин Кесиптик кошуундар федерациясынын басма... Читать дальше...

Мамбетов "Kaktus media" маалымат агенттигин сотко берет

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов "Kaktus media" маалымат агенттигин «чындыкка дал келбеген кабар жарыялады» деген негиз менен сотко берет. Бул тууралуу ал 19-декабрда Мамкаттоонун ишмердиги боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. - Жаңылыкты чыгарардан мурда жок дегенде мени, орун басарымды жана сүрөттөгү кишилерди бир карап коюш керек болчу. Дароо эле айтып коёюн, биз "Kaktus media" менен соттошобуз. Азыр башка да жалпыга маалымдоо каражаттарын карап жатабыз. Читать дальше...

Кой-Таш: комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн дагы бир мүчөсү айтып чыкты

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун айрым жерлери өзгөртүлгөнүн комиссиянын дагы бир мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да билдирди. Ал «Азаттыкттын» суроолоруна жооп берип жатып биринчи берилген бүтүм менен андан кийинки корутундунун ортосунда бир аз айырма бар экенин ырастады. Бирок бул корутундунун мазмунуна олуттуу таасир бербесин кошумчалады. - Чындыгында эле башында баарыбыз кол койгон корутундуда Момбековдун аты жок болчу. Ошондой... Читать дальше...



Айдана: Тагдыр сыноосун күлүп жеңем

Azattyk.org 

23 жаштагы студент Айдананын бою үч жашынан баштап өспөй калган. Буту денесин көтөрө албаганы үчүн эки жылдан бери таяк таянып басат. Ушу тапта Бишкектеги жогорку окуу жайдын студенти. Келечекте мамлекеттик кызматка барууну көздөгөн каарманыбыз окуусу менен катар иштеп, акча тапканга да үлгүрөт.



Жапаровдун тарапташтары саясатчыны бошотууну талап кылып чыгышты

Azattyk.org 

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары саясатчыны бошотуу талабы менен 19-декабрда Бишкектеги Максим Горький паркына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен Жапаровго ырайым кылууну талап кылышууда. Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Читать дальше...

Декларацияны толук толтурбаган 900дөн ашуун кызматкерге чара көрүлдү

Azattyk.org 

2019-жылдын башынан бери декларация жөнүндө мыйзамдын бузулганы тууралуу 800дөн ашык акт түзүлүп, 937 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Кызматкерлер негизинен кирешелерин, мүлкүн көрсөтүүдө мыйзам бузганы такталган. Алар ошондой эле декларацияларын мыйзам бекиткендей мөөнөттө толтурбаганы, толук эмес же туура эмес маалыматтарды киргизгени жана менчик түрүндөгү юридикалык жакта ээси же жетекчиси катары катталганы көрсөтүлбөгөнү аныкталган. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 19-декабрда саат 10:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөп, чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте, Тажикстан менен чектешкен чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Читать дальше...

Райымбек Матраимов: Абдукадырды инвестор катары билем

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Азия news” гезитине маек берип, өзүнө карата айыптоолорду куру каралоо деп атады. Ал 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынга да тиешеси жоктугун айткан мурдагы сөзүн кайталап, бул соодагерлердин акчасы экенин, аны медиалар атайылап жаманатты кылып жатканын билдирди. Басылманын 19-декабрда жарык көргөн санында мурдагы бажычы гезиттин редактору Арсланбек Сартбаевдин суроолоруна жооп берип жатып журналисттик иликтөөлөрдө... Читать дальше...

Ала-Букадагы өзбек каналын гана көргөн айыл

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы миңден ашык адам жашаган Кош-Болот айылында жакынкы убактан бери Кыргызстандын телеканалдары тартпай калды. Учурда айылдыктар Өзбекстандын жана Орусиянын гана каналдарын көрүп жатканын айтышууда.

Депутат Чек ара кызматын, Башкы штабды түштүккө көчүрүүнү сунуштады (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түштүк аймакка көчүрүүнү сунуштады. Парламенттин 19-декабрдагы жыйынында ал чек ара жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелер Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталарын мисал кылды. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички... Читать дальше...

Маматалиев: Ыш маселеси чечилбесе өкмөттүн отставкасын талап кылам (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектин абасын тазартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрбөсө өкмөттүн отставкасын талап кыларын жарыялады. Депутат парламенттин 19-декабрдагы жыйынында өкмөткө газдаштырууну тездетүү керектигин айтып, бул ишке 4-5 млн. сом каражат кетерин кошумчалады. Ал Бишкектеги ыштын 80 пайызы Жылуулук электр борборунан чыккан түтүндөн болуп жатканын, борбор модернизация болгондон кийин сапатсыз көмүр жагылып жатканын билдирди. - Бул маселени эл, депутаттар көтөрүп жатат бирок өкмөт көзгө көрүнөрлүк иш кыла элек.

Орусия Кыргызстанга акча которууга койгон чек 150 миң рублга көтөрүлдү

Azattyk.org 

Орусия Федерациясынан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Аталган маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин алкагында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган. Макулдашуулардан кийин «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Лазарев

«Сергей Лазарев за все платит»: диско-бабушка из Коми рассказала, как ей искали квартиру





Rss.plus
РПЛ

РОСГВАРДЕЙЦЫ ОБЕСПЕЧИЛИ ПРАВОПОРЯДОК ПРИ ПРОВЕДЕНИИ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА РПЛ «АХМАТ» - «ЗЕНИТ» В ГРОЗНОМ




Реставраторы начали возвращать на Московские ворота символы доблести русского оружия

Министр энергетики Турции с делегацией примет участие в ПМЭФ-2024

День пограничника отметили в Лобне

Преимущества размещения бизнеса в ОЭЗ назвали в Подмосковье




Бекешев: Сайттарга жасалган хакердик чабуул - кылмыш (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына жана иликтөөнү кайра баскан сайттарга жасалган хакердик чабуулду күч түзүмдөрү иликтеши керектигин айтты. Ал парламенттин 19-декабрдагы жыйынында сүйлөп жатып сайттарга жасалган DDoS-чабуул Жазык кодексинин «Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк», «Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү», «Компьютердик саботаж» беренелеринин негизинде кылмыш деп эсептелерин билдирди. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Зиядин Жамалдинов чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алды. - Баткенде эл «эртең эмне болуп кетет?» деп коркуп жашап жатат. Чыр чыкканда эле өкмөткө айтабыз. Өкмөт болсо «болду, сүйлөшүп койдук, протокол түздүк» дейт. Үч-төрт ай өтпөй кайра эле жаңжал чыгат. Делимитация жана демаркация маселесин тез арада чечиш керек. Антпесе чыр токтобойт. Болбосо... Читать дальше...

2020-жылы ЕБ өлкөлөрү 30 миңден ашуун качкын кабыл алат

Azattyk.org 

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү 2020-жылы 30 миңден ашуун качкын кабыл алат. Еврокомиссиянын билдирүүсүнө караганда, көчүү программасынын алкагында биринчи кезекте дүйнөдө кризиске туш болгон өлкөлөргө көңүл бурулат. БУУнун Жогорку комиссарынын качкындар иши боюнча башкармалыгы билдиргендей, программанын алкагында Түркия, Ливан, Иордания, Жер Ортолук деңиз аймагы, Нигер, Руанда мигранттары артыкчылык алат. Еврокомиссиянын маалыматына караганда, 2015-жылдагы программанын негизинде, Евробиримдик өлкөлөрүнө 65 миңден ашуун бозгун келген. Читать дальше...

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду

Azattyk.org 

Украинанын Жогорку Радасы экинчи окууда депутаттык кол тийбестикти жоюу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору үчүн 291 депутат “макул” деген добуш берди. Документ 2020-жылы 1-январда күчүнө кирет. Бул президент Владимир Зеленский менен анын “Эл кызматчысы” партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан. Мыйзамды “Европа тилектештиги”, "Батькивщина" жана "Добуш" фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок. Читать дальше...

Матраимовдордун үч медиага арызы боюнча соттун алгачкы отуруму белгиленди

Azattyk.org 

Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму 19-декабрда саат 14:00дө болору күтүлүүдө. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирдген. Маалыматты журналисттерге укуктук көмөк көрсөткөн "Медиа полиси" уюму бышыктады. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. Читать дальше...



Москва

В Маньжурии открывается российско-китайский ночной клуб Felicity Port


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Бесконечный отдых закончился: Джиган и Оксана Самойлова стали участниками шоу «Выжить в Дубае»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

В преддверии Международного дня защиты детей подмосковные росгвардейцы провели спортивное мероприятие для школьников

ТАСС: Паралимпийский комитет России провел урок и мастер-классы для участников СВО


Мария Шарапова

Теннисистка Мария Шарапова снялась в красном облегающем платье



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Выставка-предупреждение «Пожарная безопасность», В рамках Федеральной информационной противопожарной кампании «Останови огонь».



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России