Ооганстанда кайрадан президенттик шайлоолор өтөт
Ооганстандын шайлоолор комиссиясынын арыздар бөлүмү президенттик шайлоолордун натыйжасын жокко чыгарды.
Ооганстандын шайлоолор комиссиясынын арыздар бөлүмү президенттик шайлоолордун натыйжасын жокко чыгарды.
Ошто Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку автоунаа жолун кардан тазалоо иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 24-декабрда кечке маал жолдун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 3800 м3 кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок. Ал эми Кара-Суу районунда 21-22-декабрь күндөрү катуу жааган кардын кесепетинен Бек-Жар – Кичик, Кичик-Тээке, Тээке-Лаглан жана Лаглан-Папан ички чарбалык унаа жолдорунун айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол жабылган. Читать дальше...
Чүйдө жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында болгон. Милициянын билдиришинче, күйөөсү менен аялы уруша кеткен. 24 жаштагы келин бычак жеп, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталдан көз жумду. Ага кол салган күйөөсү, 28 жаштагы жергиликтүү тургун да өз жанын кыюуга аракет жасап, өзүнө өзү бычак сайган. Ал да алган жараатынан каза тапты. Маркумдардын артында бойго жете элек эки бала калды. Читать дальше...
Кыргызстанда канткенде коррупцияны түп-тамырынан жоё алабыз же бул терс көрүнүштөрдү сезилерлик азайта алабыз?
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын «2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды парламент 28-ноябрда кабыл алган. Ал мыйзамда 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашалары 173 млрд. 663 млн. сом, таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом суммасында жактырылган. Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. ... Читать дальше...
Орусиялык авиация Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына сокку урду. AFP агенттиги сегиз киши өлүп, анын бешөө балдар экенин кабарлады. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Орусиянын жана Сирия өкмөтүнүн аскердик аракеттеринен улам 16-декабрдан бери он миңдеген тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн борбордун эсебинде ошол убакыттан бери 80ге жакын жай тургун аба соккуларынан мүрт кеткен. Өткөн жумада президент Башар Асаддын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейди оңдоо боюнча өкмөткө кайрылган. Депутат "Твиттердеги" баракчасына ал кайрылууга Финансы министрлигинен келген жоопту жарыялады. Финансы министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музей Маданият маалымат жана туризм министрлигинин карамагында болбогондуктан казынадан каржыланбай турганын белгилеген. Ошондой эле музейди мамлекетке өткөрүп алууга ири каражат зарыл экенин, ага Маданият маалымат жана туризм министрлигинин... Читать дальше...
Бишкек-Ош жолунун 154-чакырымында, тактап айтканда Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Куткаруу бөлүмү Бишкек–Ош жолунда өзгөчө кырдаал же авария учурунда куткаруу иштерин жүргүзүү максатында түзүлдү. Бул бөлүмдө министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун жети куткаруучусу нөөмөттө турушат. Аларда "Ниссан пикап" үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу автоунаасы жана керектүү шаймандары бар. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты. Мамлекет башчынын жыйыны бүгүн, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. 2018-жылдагы басма сөз жыйыны 19-декабрда өтүп, журналисттер мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов, парламент депутаты... Читать дальше...
“Медиа полиси” институтунун юристи, медиа эксперт Акмат Алагушев кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин журналисттерди суракка чакырып жатканына байланыштуу комментарий берди. Алагушев Айеркен Саймаитинин өлүмү Жазык кодексинин "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иликтенип жатканын туура эмес деп эсептейт. Юрист адамга кол салуу болуп, бирок ал тирүү калган учурда “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси колдонуларын айтты. ... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган “Жол кыймылынын эрежелерин, автоунааларды пайдалануу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлеринин милдеттеринин жоболорун бекитүү жөнүндө” кыргыз өкмөтүнүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы документ жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу, автотранспорт кырсыктарын азайтуу жана айдоочу, жөө жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү маданиятын көтөрүү максатында иштелип чыкты. ИИМ азыркы жол эрежелери 1999-жылы кабыл алынганын белгилеп... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости