Казакстанда учак кырсыгынан жараат алган 47 адам ооруканада жатат
Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыровдун 27-декабрда берген маалыматына караганда, авиакырсыктан жараат алган 47 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен сегизинин абалы оор, 38 кишинин абалы дурус деп бааланууда. Дагы бир адамдын ден соолугу канааттандырарлык. Учак кырсыгына байланыштуу 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. 27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Читать дальше...