Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 31.12.2019

Сасык тумоологондор бир аптада 5,5% көбөйдү

Azattyk.org 

Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5% өстү. Бул тууралуу 31-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты. Ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар. Министрликтин маалыматына караганда, жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу, сысык тумоологондордун саны адатта ушул мезгилде көбөйүп турат. Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасы 400 орунга эсептелген, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатат.

Ошто майрам күндөрү милициянын көчмө кабылдамасы иштейт

Azattyk.org 

Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама автоунаасы майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Буга чейин Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө көчмө кабылдама автоунаасы эл арасын кыдырып арыз, даттанууларды кабыл алып келген. Ушул жылдын башынан бери Ош облусу боюнча милициянын көчмө кабылдама автоунаалары менен жарандардан 690 арыз кабыл алынган. Читать дальше...

Өкмөт: Жазык мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн 40тан ашык долбоор сунушталат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү жазык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында быйыл 33 мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Келерки жылдын башында дагы 40тан ашык долбоор парламенттин кароосуна сунушталат. Бул тууралуу 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген. «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, пробация институту иштей баштады. Читать дальше...



Мэрия: Ала-Тоо аянтында майрам сегизде башталат

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды тосуу салтанаты кечки саат сегизде башталат. Мэриянын маалыматына караганда, Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы тартууланат. Ошондой эле эстрада ырчылары Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыяр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен, Марс Мамаев белгилүү чыгармаларын аткарып беришет. ... Читать дальше...

Балдарды тейлеген медициналык кызматка жаңы машиналар тапшырылды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы балдарды тейлеген медициналык кызматка сегиз автомашина тартуулады. Ачкыч тапшыруу салтанаты бүгүн 31-декабрда мэриянын алдында өттү. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, “Тез жардам” бригадасына алты жана сүт азыктарын ташып жеткирүү үчүн эки автомашинаны мэрия өз каражатына сатып алган. Бул үчүн шаардык бюджеттен 13 миллион сомго жакын акча бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Бишкекти “103” кызматы боюнча 46 атайын автомашина тейлейт. Мындан ары мэрия жыл сайын дагы 7-8ди сатып алып турууну максат кылууда. Читать дальше...

Базардагы жаңы жыл шааниси

Azattyk.org 

Соода борборлорунда жаңы жылга даярдык учурунда баалардын кымбаттаганы анчалык деле байкалбайт. Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин базарда атаандаштык көп экени менен түшүндүрүп жатышат. Кардарлардын пикиринде соңку кезде майрам үчүн ашыкча каражат которткондордун саны азайды.

Дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иштери токтотулду

Azattyk.org 

Жалал-Абадда беш күндөн бери дайыны табылбай жаткан тургунду издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 26-декабрда Чүйүт-Сай айылынын 27 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. 30-декабрда издөөнү улантуу үчүн 15 куткаруучу, беш милиционер жана жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылган. Натыйжа болгон жок. Туугандарынын катынын негизинде издөө иштери токтотулду. Читать дальше...



Ош облусунда төрт баллга жеткен жер титирөө катталды

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 30-декабрда саат 12:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин титиреши Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында үч баллга чейин сезилген.  Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Быйыл кыргыз спортунда ийгиликтер болду десек ашыктык кылбайт. Себеби атлеттер Кыргызстандын тарыхында боло элек ийгиликтерге жетишип, өлкөнү таанытканга чоң салым кошушту.

Салык кызматы «Вечерний Бишкекти» сотко берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү тескөө башкармалыгы камсыздандыруу төгүмдөрүн убагында төлөбөгөнү үчүн «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомун сотко берди. Бул маалыматты салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков ырастап, арыз 12-декабрда жазылганын билдирди. - «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коому мамлекетке 9,7 млн. сом жана 2,3 млн. сом туум карыз. Карыз салык төлөөчүнүн берген отчётунун негизинде пайда болгон, - деди Сазыков. Мамлекеттик салык кызматы соттон... Читать дальше...

ТИМ: Сирия менен Ирактагы саясий абалдан улам кыргызстандыктар алып келинбей жатат

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев Сириядагы жана Ирактагы саясий кырдаалга байланыштуу аталган өлкөлөрдөгү лагерлерден кыргызстандыктардын балдарын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 30-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. - Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын алып келе албай жатканыбыздын жүйөлүү себептери бар. Бул сөз болуп жаткан өлкөлөрдөгү саясий кырдаалга байланыштуу. Сирия жана... Читать дальше...

Патрулдук милиция Бишкектин дагы эки районунда иштей баштады

Azattyk.org 

30-декабрдан тарта Патрулдук милиция Бишкектин Ленин жана Октябрь райондорунда иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди. - Патрулдук милиция Бишкек шаарынын төрт районунда тең толук кандуу иштей баштады. Бирок учурда иштеп жаткан кызматкерлер шаарды толук камтый албайт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Патрулдук милицияга сынактан өткөндөрдүн үчүнчү тобун ИИМдин академиясына окууга жиберди. Алар... Читать дальше...

2019-жылы тасма кескендер

Azattyk.org 

2019-жылы бийлик жол, мектеп сыяктуу социалдык объекттерди куруп, тасмасын кесип, элге тартуулады. Бирок коомчулук аткарылган иштердин тизмесинде ири долбоорлор болбогонун сындап жатат. Анда аткаминерлер кызыл тасмасын кескен иштердин айрымдарына токтолобуз.



Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" раскрыл загадку В.В. Жириновского и В.Г. Мессинга. СЕНСАЦИОННЫЕ ДАННЫЕ!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: На юге Москвы в этом году благоустроят четыре зеленые зоны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Пинчук

Фотовыставка «Древнейшие пирамиды мира» пройдёт в Крыму




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В новой Москве соревновались нештатные формирования

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России