Индия ири парадда “анти-спутниктик ракета” көрсөттү (фото)
Индия өлкө президенти жана айрым жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан ири парадда жаңы анти-спутниктик ракетасын көрсөттү.
Индия өлкө президенти жана айрым жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан ири парадда жаңы анти-спутниктик ракетасын көрсөттү.
«Associated Press» маалымат агенттиги АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын жеке адвокаты Руди Жулианинин ишкер өнөктөштөрү Лев Парнас жана Игорь Фруман болуп Украинаны талкуулаганы тымызын тартылган видео жарыялады.
Кытайдын коронавирус чыккан Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн 27-январдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон. Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен. Министрлик азыркы тапта Уханда жашап жаткан кыргызстандыктар менен тез-тез байланышууда. Читать дальше...
Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө коронавируска каршы дары киргенин жана акыркы сыноолордон өткөрүлгөндөн кийин акысыз пайдаланууга берилерин маалымдады.
Кыргызстанда чек арадан коронавирусту аныкташ үчүн тепловизор жетишсиз. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 27-январда өкмөттүн жыйынында маалымат берип жатып кошумча тепловизор алуу боюнча иш жүрүп жатканын айтты: - Бизде 13 тепловизор бар. Ошонун баары адамдар көп каттаган чек арага коюлду. Жетпеген тепловизорлор боюнча иш алып баруудабыз. Беткап, шприц, антибиотиктер базарда бар. Кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар. Жеке коргонуу каражаттарынан 1468 атайын халат, көз айнек эпидемиологдорго таратылып берилди, алар даяр турат. Читать дальше...
«Мусулман агайындар» уюму 1928-жылы Египетте пайда болгон, кийин эл аралык бирикмеге айланган.
Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты: - Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду. 23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кызматташуу жаатында пикир алышып, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктарга үй-бүлө баалуулуктары, адеп-ахлак, адал ырыскы, билим берүү жана балдардын тарбиясы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө кеп кылышты. Мындан тышкары Кыргызстанда ханафий мазхабы... Читать дальше...
«Лос-Анжелес Лэйкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант Калифорниядагы учак кырсыгында 13 жаштагы кызы Жиана менен кошо каза тапканын америкалык басылмалар жазышты. Баскетболчу кызы жана дагы үч киши менен бара жаткан тик учак Лон-Анжелестен түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс эмес жерде кыйраган. Брайант 41 жашта болчу. Баскетболчу карьерасын 1996-жылы мектепти бүтөрү менен Улуттук баскетбол ассоциациясында эң жаш оюнчу болуп баштаган. «Лэйкерс» клубу үчүн 20 сезон ойноп, команда менен бирге беш жолу чемпиондук титулга жетишкен. Читать дальше...
Алыш боюнча турнир борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Анда кыздар жана эркектер арасында бир нече салмакта кармаштар уюштурулат.
Кыргыз кинематографиясынын маалыматына ылайык, аталган тасма Нур-Султан шаарында өткөн ATAU - 2020 фестивалында «Эң мыкты даректүү фильм» байгесин жеңип алды. Сынакка Кыргызстандан эки режиссёр Чыңгыз Сулумбеков менен Данил Усманов тасмаларын сунуш кылышкан. Натыйжада Сулумбековдун «Күнкарама» фильми байгелүү орунга илинип, ал эми Усмановдун «Жакшы күндө баратам» деген тасмасы фестивалдын жабылыш аземинде коюлууга татыды. «Күнкарама» тасмасында аялынын өлүмүнөн кийин жалгыз калган орто жаштагы кишинин тагдыры баяндалган. Читать дальше...
30-31-январь күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү Алматы шаарына чогулуп, эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып кирүү маселесин талдашат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өткөн аптада чек арада топтолуп турган айдоочулар менен жолугушуу учурунда билдирген. Вице-премьер-министр жолугушууда кыргыз тарап Казакстан бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жоболорунан тышкары, чек арадан жүк алып кирүүгө коюп жаткан тоскоолдуктар тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылмакчы. Читать дальше...
Бишкекте «Кыргыз экономикасынын биримдиктеги атаандаштыкка жөндөмү» деген тегерек үстөл болот. Ага өлкөнүн ар тарабынан чакырылган ишкерлер, экономисттер жана расмий бийлик өкүлдөрү катышат. Талкууда Кыргызстан биримдиктин толук укуктуу мүчөсү экенине карабай, айрым бир өнөктөштөр тарабынан туура эмес саясат жасалып жатканы жөнүндө да сөз болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын... Читать дальше...
Бул тууралуу жергиликтүү аткаминерлер кабарлашты. Алардын айтымында, 25-январда Балх провинциясынын түштүгүндөгү аба соккусунан үч аял жана төрт бала мүрт кеткен. 26-январда жүздөгөн кишилер аймактагы негизги жолду тосуп, иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. Алардын бири Хайбер Амири «өкмөттүк күчтөр карапайым адамдардын үйлөрүн аткылап, террор кылып жатат» деген дооматын «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысына билдирди. Ооган өкмөт күчтөрү Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектешкен Балх провинциясында аскердик операция жүргүзгөн.
Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулайт. Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева алимент маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришет. Алименттик милдеттенмелерди... Читать дальше...
Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «"Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жугузган адам жаткырылды" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жугуштуу илдетке кабылган эч бир адам катталбаганын дагы бир жолу эскертет. Бул үчүн атайын түзүлгөн штаб кырдаалга көзөмөл кылууда. Туура эмес маалымат таратып, коомчулукту дүрбөтүүгө жол бербөөнү ар бир кыргызстандыктан өтүнөбүз», деп белгилеген Наргиза Мансурова. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости