БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мекемесине «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. Читать дальше...