Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 14.04.2021

"Өзөктүк келишимдин" катышуучусу болгон үч өлкө Ирандын билдирүүсүнө кабатыр

Azattyk.org 

Улуу Британия, Франция жана Германия Ирандын 60 пайызга чейин уран байытабыз деген планына терең тынчсыздануусун билдирди. "Өзөктүк келишимдин" катышуучусу болгон үч өлкө “Тегерандын акыркы билдирүүсү конструктивдүү жана ак ниет сүйлөшүүлөргө каршы келет” деп белгиледи. 14-апрелде Ирандын бийлиги кийинки аптада 60 пайызга чейин уран байытууну баштай тургандыгын жарыялаган. Мындай кадамды Тегеран Натанздагы өзөктүк ишканага жасалган "диверсиялык аракетке жооп" деп сыпаттап жатат. Иран өзөктүк ишканадагы... Читать дальше...

CPJ Бишкекти шайлоодо кабарчылар кабылган басымды иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийлиги шайлоо учурунда журналисттер кабылган куугунтукту, басым-кысымды иликтеп, алардын эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул тууралуу 14-апрелде баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ)атайын билдирүү таратты.  Анда 11-апрелде добуш берүү учурунда милиция кеминде төрт журналистти кармаганы, байкоочулар бир кабарчыга кол салган учур катталганы айтылат.  CPJ кыргыз бийлигин бул жагдайларды иликтөөгө, кабарчылардын саясий окуяларды эркин... Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: ачылган жаңы жагдайлар

Azattyk.org 

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Анын жана аны уурдаган адамдын сөөгүн биринчи тапкан чабан окуя тууралуу эмне деди? Айзаданын өлүмүнө шектелген Замир Теңизбаевге каршы буга чейин милицияга арыз жазып, андан кордук көргөн кыз эмнелерди айтып берди? Үч жыл мурда ала качуунун курмандыгы болуп, укук коргоо органдарынын имаратынын ичинде каза тапкан Бурулайдын жүрөк титиреткен окуясы эмнеге сабак болбой жатат? “Азаттыктын” атайын чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.



Айзаданы өлтүргөн Теңизбаев башка кыздарга да кол салган

Azattyk.org 

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган Замирбек Теңизбаевден кордук көргөн кыз «Азаттыкка» кайрылды. Ал кыз курбусун Теңизбаев бир нече ирет зордуктаганын, өзүн болсо 2019-жылы май айында бир үйдө муунтканда милицияга кайрылып, иш жабылганын билдирди. //"Бүгүн Азаттыкта". 14.04.2021.//

Киевде карантиндик чаралар узартылды

Azattyk.org 

Украинанын борбору Киевде коронавируска байланыштуу чектөөлөр 30-апрелге чейин узартылды. Шаардын мэри Виталий Кличко 14-апрелде калаада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди. “Башка аргабыз жок. Андай болбосо бейтаптардын саны мындан ары да көбөйсө, саламаттык сактоо система көтөрө албайт»,-деди Кличко. Киевде карантиндик чаралар өткөн айда киргизилген. Ага ылайык, мектептер, бала бакчалар, театрлар жана соода борборлору жабылган. Ал эми коомдук транспорт да чектелүү санда иштеп жатат. Читать дальше...

Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Ушул сааттарда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекетке чыккынчылык үчүн шек саналып жаткан Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралууда. Экспертти сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери алып келишти. УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын, алардын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде расмий кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди. Читать дальше...

Бишкекте 22 мектеп окуучусунан, 16 мугалимден коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы 9-апрелге чейин борбор калаада 22 мектеп окуучусу жана 16 мугалим коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталганын кабарлады. Буга байланыштуу жети мектептеги 11 класс аралыктан окутууга өткөрүлгөн. 14-апрелге карата шаардагы үч мектеп - №13, 28, 52 орто мектептер аралыктан окутуп жатышат. 1 377 баланын ата-энеси балдарынын саламаттыгына байланыштуу аралыктан окууга арыз жазышкан. Шайлоо жана референдумдан кийин, 14-апрелде Бишкектеги мектептерде кадимкидей окуу уланды. Читать дальше...

Ош ОИИБ: Ок тийген адамдын иши боюнча тергөө жүрүп жатат

Azattyk.org 

9-январда Кара-Суу районунун Даңги аймагында ичине ок тийип, ооруканага түшкөн адамдын окуясы боюнча соттук-баллистикалык экспертизалар жасалган. Экспертизанын бүтүмү менен жабырлануучунун айтканы карама-каршы чыккан. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтуусунда, жабырлануучу талаада оттоп жүргөн малынан кабар алуу үчүн Даңгиге барган учурда белгисиз жактан атылган ок келип тийгенин, унаасына отуруп, коңшу короодогу малчынын... Читать дальше...



УКМК: Катылган курал-жарактар табылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана «Альфа» атайын кызматынын иликтөөсүнүн натыйжасында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Анда Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45 үлгүсүндөгү 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету болгон. УКМКнын басма сөз кызматы бул курал-жарак өлкөдөгү күч бөлүмдөрүнүн бирине таандык болушу мүмкүн экенин, аны тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлер алышы ыктымалдыгын кабарлады. Учурда УКМК куралдарды жана... Читать дальше...

Бишкек: Утулган партиялардын нааразылыгы

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7 пайыздык чектен өтө албай калган сегиз партиянын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында ачкачылык жарыялашты. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүүнү кайра жарыялоону талап кылышууда. Ал арада добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган «Kloop.kg» сайтынын өкүлдөрү шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуу боюнча маалымат базасын коомчулукка жарыялады. "Коммунисттердин" жүйөсү Ачкачылык акциясынын катышуучулары Боршайкомдун алдына... Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстан "AstraZeneca" вакцинасын алат

Azattyk.org 

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жакынкы убакта коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасынын 405 миң дозасы келерин билдирди. Ага ылайык, бул препарат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аркылуу алынганы жатат. "Вакцинадан тышкары бардык керектүү каражат-жабдыктарды, шприцтерди да алып жатабыз. Вакцинаны сактай турган кампабыз бар", деди министр. Бейшеналиев аталган вакцинанын тегерегинде Европадагы маалыматтар кабатыр кылып жатканын белгиледи. Читать дальше...

Кургак учук жугузган жоокерлердин ата-энелери нааразылык билдиришти

Azattyk.org 

Кургак учук жугузуп алган жоокерлердин ата-энелери 14-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында Коргоо министрлигине нааразылык билдиришти. Алар  жабыркаган жоокерлерге аскердик билет берүүнү, аларды жакшылап дарылоону талап кылышты. «Биздин балдарыбыз өз ыктыяры менен аскерге кеткен. Аскер комиссарлыгынын шалаакылыгынан аларга кургак учук жукту. Эми аларды аскерге жараксыз деп атышат. Биз балдарыбызга аскердик билеттин берилишин, аларды  милдет өтөөгө жарактуу деп табууну талап кылабыз», - деди басма... Читать дальше...

Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус боюнча абал оңой эмес

Azattyk.org 

Кыргызстанда азыр коронавирус боюнча абал оңой эмес. Бул тууралуу бүгүн 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкекте ыктыярчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты: “Абал оңой эмес, бирок көзөмөлдө. Күч жана каражат азырынча толук жетиштүү. Силердин жардамга муктаждык жаралбайт деп ишенгим келет”, - деди Новиков. Ыктыярчылар менен жолугушуу Бишкек мэриясында вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусу менен өттү. Чыныбаева ыктыярчылар медицина кызматкерлери, автомашинасы менен жардам берчүлөр... Читать дальше...

Айзаданы өлтүргөн адамга карата мурда токмоктоо боюнча иш козголгону белгилүү болду

Azattyk.org 

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн эки жыл мурда токмоктоо боюнча иш козголуп, кийин тосмо арыздын негизинде жабылган. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 2019-жылдын 14-майында райондук милицияга 1991-жылы Ош облусунда төрөлгөн Айгүл (ред.-аты өзгөртүлдү) кайрылган. Ал Бишкектеги Көк-Жарда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде З. Читать дальше...

Блинкен Ооганстандагы аскерлерин сентябрга карата чыгарарын жарыялады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 14-апрелде Брюсселдеги Түндүк атлантикалык альянстын кеңсесинен жасаган телекайрылуусунда билдирди. Ал Вашингтон Ооганстандан аскерлерин чыгарууну НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге координациялайт деп убада берди. «Биз биргеликте коюлган максатка жеттик жана өз аскерлерибизди үйүбүзгө кайтарууга мезгил келди»-деди Блинкен. 14-апрелде  Энтони Блинкен жана АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Брюсселде НАТОнун тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жыйынына катышты. Читать дальше...

Айзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөн

Azattyk.org 

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2 жыл мурда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 1991-жылы Ош облусунда төрөлгөн Айгүл (ред.-аты өзгөртүлдү) арыз жазып, кайрылган. Ал иш тосмо арыздын негизинде милиция тарабынан жабылган. Бул тууралуу Айгүл «Азаттыкка» берген эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди. Азыр Айгүл Орусияда эмгек мигранты катары иштеп, жашап жүрөт. «Мени да муунтуп, "өлтүрөм" деп коркуткан. Анан мен милицияга барып, арыз жазгам. Читать дальше...

Орусия-Түркия: аба каттамдары токтоду

Azattyk.org 

12-апрелде орус бийлиги Түркияга аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу чечимин кабарлады. Бул чектөө Киев менен Анкаранын "жакындашуусунан" кийин киргени талкууланууда. Ал эми орусиялык туристтик агенттиктер жарым миллион турист жайында Түркиядагы мейманканаларга жолдомо алып койгонун билдирди. 12-апрелде Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен Танзанияга аба каттамдары токтотулганын кабарлаган. Анын айтымында, мындай чечимге эки өлкөдө коронавирусту... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

«Пусть плачут мужчины». Как Окуджава писал песню к «Белорусскиому вокзалу»





Rss.plus
Россия

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия




Проект «Книга памятников-героев Москвы» пополнился новыми историями

Лукашенко на параде одел ветерана в привезенную Мирзиеевым куртку

"Американская мечта" сегодня. Теория заговора оказалась правдой

В Москве прошел праздничный салют в честь 79-й годовщины Победы в ВОВ




Ташиевди сындаган серепчи чыккынчылыкка айыпталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чыккынчылыкка шек саналып кармалгандардын бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин ырастады. Аны менен кошо камалган дагы бир кишинин чоо-жайы азырынча белгисиз. Бул жагдай коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштады. Мында түкшүмөл жараткан бир жагдай – Казакпаев аз күн мурда маектеринин биринде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аракеттерин ачык сынга алган. Сыры айтылбаган иш Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары... Читать дальше...

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн чектеш облус башчыларынын жолугушуусу өтөт

Azattyk.org 

Кийинки аптада Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 23-апрелге мерчемделген үч тараптуу жолугушуу Өзбекстандын Фергана шаарында өткөнү жатат. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация катышат. Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согд облустарынын ишкерлеринин “Чек ара аймактарын интеграциялоо ... Читать дальше...

Маянасы чеке жылытпаган маданият адамдары

Azattyk.org 

Өкмөт ушул жылдын 1-июлунан баштап мамлекетке караштуу маданий мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү убада кылууда. Кыргызстанда аз маяна алган кызматкерлердин жоон тобун маданият тармагында эмгектенгендер түзөт.

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 30 миң дозасы келери кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстанга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын алгачкы 30 миң дозасы жакын арада келмей болгонун саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып 14-апрелде Kaktus.media агенттиги жазды. Министрдин айтымында, Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 1 миллион дозасына арыз берилген, анын 30 миңи жактырылды. 30 миң вакцина 15 миң адамды эмдөөгө жетет. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын SinoPharm вакцинасы менен башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. Читать дальше...

Германия украин-орус чек арасындагы абал тууралуу Москваны айыптады

Azattyk.org 

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр 14-апрелде ARD каналына курган маегинде украин-орус чек арасындагы соңку абалга байланыштуу Москваны күнөөлөдү. Немис министри  НАТОго мүчө өлкөлөр Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат деген дооматтарды четке какты.  Крамп-Карренбауэр  Москва Украина менен чек арасына жана аннексияланган Крымда аскерлерин жайгаштыруу менен чатак чыгаруу максатында атайлап чагым уюштуруп жатат деп айтты:   "Орус тарап кырдаалды козуткусу келип, чагым салып жатат. Читать дальше...



Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин принял участие в параде Победы на Красной площади



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Оркестр

Оркестр сыграет под окном. Как встретит День Победы ветеран Жорес Артёмов




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве налоговая потребовала взыскать долг с Алексея Навального



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России