Киев Москвадан жооп ала албай жатканын билдирди
Украинанын чыгышындагы чыңалуунун себептерин тактоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Киевдин талабына Орусия жооп кайтарбай жатканы жарыяланды. Мына ошого байланыштуу АКШ Москвадан алдыдагы коопсуздук маселеси боюнча жолугушууда чек ара тилкелерине жакын жайларда аскер күчтөрүн топтоштуруп, көбөйтүүнүн себептери жана андагы чыңалууга алып келген жагдайлар боюнча түшүндүрмө талап кыла турган болду. Киев менен Батыш Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерди жакында болгон чагым аракеттери үчүн айыптоодо. Читать дальше...