Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 14.07.2021

Ош: шайлоодон кийин чыккан нааразылык

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган үч партия АШКга арыз менен кайрылды. Арызды баштапкы жыйынтык боюнча мандат албай калган "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиялары жазган.

Ташиевдин тууганынын тегерегинде чыр чыкты

Azattyk.org 

114 миң сом айлык акы алып, "Кыргызтелекомдо" иштеген Камчыбек Ташиевдин тууганы делген Замир Кожомуратовдун айланасында чыр чыкты. Ооганстанда жашаган 77 кыргыз Тажикстандын аймагына кире качты. Ысык-Көлдө ангус тукумундагы уй баккандар көбөйдү.



Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берди

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректи сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токталиев өзү билдирди. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалык кызматынан негизсиз бошотулганын айтууда. "Кызматтан алганда президент менен ошол кездеги басма сөз катчысы (ред. Галина Байтерек) мени экстремистке теңеп коюшкан", - деген Токталиев алардан 100 миллион сом доо өндүрүүнү жана кечирим суроону талап кылууда. Читать дальше...

Эмдөө: документ жасагандар бийликтин баш оорусуна айланды

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирус сертификаттарын бурмалоонун биринчи фактылары бир нече ай мурун Алматы шаарында аныкталган. Айрым ооруканаларда дарыгерлер бейтаптарга вакцина сайбай туруп жасалма документ сатышкан. Ал эми вакциналар жок кылынган. Ал ортодо кээ бир шылуундар жасалма эмдөө паспортторун 60 долларга сатары айтылат.

Мамлекеттик мүлк фонду Ташиевдин жээни тууралуу дооматты четке какты

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргызтелеком" ишканасынын директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианкинин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жээнине байланыштуу дооматтарын четке какты. Анда аталган ишкананын быйылкы көрсөткүчтөрү начарлап кеткени, Бианки кызмат абалынан аша чапкан, "Кыргызтелекомдун" ишине ыксыз кийлигишкен учурлар бар экени айтылат. Фонддун эсебинде 2020-жылы "Кыргызтелеком" 128 миллион сом чыгашага учураган жана Бианки тууралуу жамааттан дагы арыз-даттануулар түшкөн. Фонд... Читать дальше...



Москвадан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат

Azattyk.org 

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайкы туристтик мезгилге байланыштуу 15-июлда Москвадан биринчи каттамды кабыл алат. Москва-Тамчы-Москва авиакаттамын “Аэрофлот” авиакомпаниясы жумасына үч ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландап жатат. “Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албай турганын жана билеттерди сатууга да тиешеси жок экенин эскертти. Билеттин баасын авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныктайт. Анын наркы азырынча белгисиз. Читать дальше...

Пакистанда кытайлык жумушчулар бараткан автобус жардырылды

Azattyk.org 

Пакистанда кытайлык жумушчулар бараткан автобус жарылып, бир нече адам көз жумду. Полиция алгач 13 киши көз жумганын, алардын тогузу кытай жарандары, калгандары пакистандык аскерлер экенин билдирген. Бээжин Исламабадды күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууга чакырды. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь 14-июлда Пакистан кылмышкерлерди катаал жазага тартып, өлкөдөгү кытай жарандарынын, уюмдарынын жана долбоорлордун коопсуздугуна олуттуу көңүл бурууга тийиш экенин билдирди. Читать дальше...

Кыргызстанда жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелди

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн. Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. Бир адамдын жылдык кирешеси 35 миң сомдон аз болсо кедейликте жашайт деген аныктама берилди. Читать дальше...

Министр: Элге электр баасын көтөрүүдөн баш тарттык

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров калкка электр энергиясынын баасын көтөрүүнү артка жылдырды. Бул маселе бир-эки жылдан кийин каралышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда коммерциялык чарбаларга жана башка категориядагыларга жарыктын наркы жогорулатылат. Жаңы тарифтик саясат быйыл сентябрдан баштап күчүнө кирет. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев мына ушул жана башка маселелер боюнча “Азаттыкка” маек куруп, бийликтин жүйөлөрүн келтирди.

Марат Ибраев: Өнөрүм элге пайда алып келсе дейм

Azattyk.org 

Ырчы, актер Марат Ибраев – Кыргыз республикасынын эл артисттери, чыгаан театр режиссеру Бообек Ибраев менен белгилүү ырчы, актриса Гүлсүн Мамашеванын тун уулу. Ал сахнага кеч чыгып, бирок, тез таанылганы менен белгилүү. Техникалык кесиптин ээси, тенор үндүү ырчы Марат Ибраев талантын өнөр секисине кеч алып чыкканынын себептери, “жылдыз” ата-эненин, чоң ата-чоң эненин тарбиясы, тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.

Министр Бейшеналиев: "Гансидеги" госпиталь талапка жооп бербейт

Azattyk.org 

Былтыр Кыргызстанда коронавирус күчөп, ооруканаларда бош орун жок калганда бейтаптар үчүн мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган “Семетей” госпиталы медицианалык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-июлда Жогорку Кеңеште айтты. Ал госпиталь ачылган күндө да бейтаптар үчүн шарттар түзүлбөгөнүн, кышкысын жылытуу системасы жок экенин кошумчалады. “Биздин элде эң чоң трагедия "Ганси" базасындагы ооруканада болгон. Читать дальше...

Шаардык сот Алмамбет Салиевди тергөө абагында калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 16-августка чейин камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган. Читать дальше...

Элчилик: Москвадагы мушташта төрт кыргыз жараны бычак жеген

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы мигранттардын калайман урушу тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бильярд клубдардын биринде белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кеткен. "Алардын "Тез жардам" кызматы алып кетип жатканда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактар аркылуу тарап кеткен жана айрым кыргызстандыктар буга байланыштуу мекендештерин "Кузьминки" метросунун жанына чогулууга чакырышкан. Анда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда калайман уруш чыгып, ага 180дей адам катышкан. Читать дальше...

Япондордун кыргыз спортчусун колдоп Кыргызстандын гимнин ырдаган видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Алдыда келе жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын талаша турган дзюдочу Владимир Золоевди колдоо иретинде япониялыктар, тагыраагы, хамуралыктар кыргыз гимнин ырдашты.

Кыргызстанда сабиз арзандай баштады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. "Сабиздин жаңы түшүмү жыйнала баштагандыктан жана агенттиктин аракеттеринен улам базарларда сабиздин баасы жөнгө салынып, арзандай баштады",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Азыр базарларда сабиздин орточо баасы 50 сомдун тегерегинде. Агентик өткөн айда сабиздин баасы жогорулап кеткенинен улам Чүй облусундагы бир нече ишкерге байланыштуу териштирүү жүргүзгөн. Мекеменин башчысы Кеңешбай Тайлаков парламентте бул жагдайда “кызыл кулактык” бар экенин айткан. Читать дальше...

"Ховар": ооганстандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты

Azattyk.org 

13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынын жашоочулары, этникалык кыргыздар талибдерден коркуп Тажикстандын аймагына кире качышканын «Ховар» маалымат агенттиги Чек ара кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда, 77 ооганстандык кыргызды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен. Учурда качкындар Мургаб районуна жайгаштырылды. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Почетный гражданин: Булату Окуджаве — 100 лет!





Rss.plus
Концерт

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».




Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Депутат Мособлдумы Черемисов поздравил Елизавету Терон с 9 Мая

В Пентагоне назвали безответственным проведение Россией ядерных учений

Традициям верны: 91-я эстафета «Серебряная ладья» прошла в День Победы




УКМКнын акча кымырып алды делген тергөөчүсү тил кат менен бошотулду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө маалында 200 миң долларды кымырып алган деп шек саналган бөлүм башчысы эч кайда чыкпоо шарты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Ага ылайык, атайын кызматка эки кытай жараны бири-бирине арызданып кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө бир кытай жараны экинчисин 200 миң долларга алдап кеткени аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алган жана бул акчаны УКМКнын тергөөчүсү кайтарып берерин айтып, тил кат дагы жазып берген. Бирок... Читать дальше...

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт (видео)

Azattyk.org 

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыктагы” маегинде мындай чечим 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, электр энергиясынын тариф саясатын талкуулангандан кийин кабыл алынганын айтты. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Читать дальше...

Экономика: былтыркыдан тың, мурдагыдан чабал

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. Кумтөр кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, тескерсинче ички дүң продукту 3,7% жогорулады. Бул көрсөткүчтөр 2020-жылкы сандар менен салыштырылган. Былтыр пандемиядан улам реалдуу сектор кыйла түшүп кеткен эле. "Сандардын чатагы" Бир жыл мурунку кризиске байланыштуу экономиканын быйылкы жагдайлары кескин өйдө-төмөн сандар менен чыгып келатат. Маселен, январда төмөндөө 7,6% түзсө, январь-февралда 8,9% артка кеткен. Үч айдын жыйынтыгында ылдыйлоо 9,4% жетип... Читать дальше...

Кубада бийликке каршы акцияда бир киши көз жумду

Azattyk.org 

Куба бийлиги 11-июлда өткөн демонстрацияларда бир киши көз жумганын шаршемби күнү ырастады. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 36 жаштагы жаран полиция менен бийликке каршы чыккандардын кагылышуусунда каза болгон. Министрлик демонстрацияга чыккандарды "башаламандык уюштуруп, полиция кызматкерлерине жана карапайым тургундарга бычак, таш жана буюмдарды ыргытып, үйлөрдү өрттөгөн" деп айыптады. Соңку отуз жылда биринчи ирет бийликке каршы чыккандар каатчылыкка, жарандык эркиндиктин чектелишине... Читать дальше...

15-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: 15-19-июль күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...

Сузактагы жазасыз калган кош нике

Azattyk.org 

Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул окуя коомчулукту нааразы кылды.  Сузак районунун экинчи аял алып, той берген тургунуна Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев ырастады. "Тергөөнүн жүрүшүндө той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан... Читать дальше...



Москва

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Праздник "На переднем крае", концерт Дениса Мацуева и выставка "Русская свадьба. Традиции и обряды": куда сходить в Туле и Тульской области 11 и 12 мая




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Энди Роддик

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Ключевая ставка останется высокой, но может начать снижаться до 6-7% к 2027 году



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России