Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.
Кыргызстандык атлет үчүн Олимпиада мелдеши аяктаган жок. 27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө жарышка чыгат.
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.
Жунай Мавляновдун "Өксүк" аңгемесинде кысталыш кырдаалдагы жашоо-турмуш сүрөттөлгөн. Чыгармада оор жагдайга кириптер болгон келиндин арманы менен бактысы баяндалган. “Кыргыз аңгемесинин классикасынан” Жунай Мавляновдун чыгармасында сүрөттөлгөн жаш адамдардын мамиле-катнаштары тууралуу айтып беребиз. Жайдары келин Бойго жеткен Саткынайды жакшы жердин кызы деп Токторбекке алып беришкен. Эмне дешмек, экөө эл катары жашап жатышкан. Ортолуктагы салкын-суз мамиле бири-биринен алыста жүрсө жибип кетеби... Читать дальше...
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады. Квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды. Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 секундада келип 27-орунду ээледи. Эми Петрашов 26-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка чыгат. Читать дальше...
Бишкекте этникалык кыргыздардын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн даңазалаган "Этностан" маданий борбору жана чет тилдерин окутуучу "Билгистан" билим борбору ачылды. Аны Кыргызстанда билим алып жүргөн этникалык кыргыздар негиздеген.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда Баткендин Тумба аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөнүн маалымдады. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. “Жолугушууда Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө макулдашылды”, - деп айтылат билдирдүүдө. Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болушту. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды. Анда жарандарды руханий адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий бай инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында жана Конституциянын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылынары айтылат. Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү... Читать дальше...
Эли элитага жарыбаган Кыргызстанда ырым-жырымдарды жөнгө салуу, аш-тойлордо чыгымды чектөө боюнча мыйзам долбоору неченчи ирет демилгеленди.
Токио Олимпиадасында 24-июлда казакстандык дзюдочу (60 кг) Елдос Сметов коло медалга ээ болду. Сметов 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын күмүш медалын уткан. 2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону, 2019-жылы Дүйнө чемпионатында коло медалга жеткен. Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин маалыматына таянсак, Жапониядагы Олимп оюндарына 95 спортчу катышууда. Казакстанда Олимпиада чемпиону болгон спортчу 250 миң доллар сыйлык алат. Ал эми күмүшкө - 150 миң доллар, колого - 75 миң доллар сыйлык берилет. Читать дальше...
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июлдагы жыйынында өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Анын айтымында, президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү 20-августтан башталып, 9-сентябрда аяктайт. Өзбекстандагы шайлоо кодекстерине ылайык, добуш берүү күнүнө чейин алты ай мурун каттоодон өткөн партиялар гана президенттикке талапкер көрсөтө алат. Читать дальше...
21-июль күнү Талас - Чаткал каттамынын 15-чакырымында катуу жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, көпүрөнү бузуп кеткен. Андан тышкары бир үйдү жана эс алуучу жайды суу каптаган. Отуздан ашуун унаадагы жүргүнчүлөр ара жолдо калган.
Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги коронавируска каршы Moderna препараты менен 12-17 жаштагыларды эмдөөгө уруксат берди. Өспүрүмдөргө деле чоң кишилер сыяктуу төрт жума аралык менен эки доза сайылат. Май айында Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги өспүрүмдөргө Pfizer/BioNTech вакцинасын саюуну жактырган. Расмий статистикага ылайык, Европа Биримдигинде калктын жарымынан көбү коронавируска каршы вакцина алды. 2-июнда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Sinovac компаниясынын... Читать дальше...
25-июлда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат. Абанын табы: Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17, Талас дубанында түнкүсүн 14...19, күндүз 34...39, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 35....40, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32, Нарын жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33, Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн 15...17, күндүз 27...29, Бишкек шаарында түнкүсүн 21...23, күндүз 38...40 градус болот.
Бир нече кылмышка шектелип абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылы 9-октябрдагы Бишкектин борбордук аянтындагы массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады. Жоошев шектүүгө берилген билдирүүнүн үзүндүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анда "2020-жылы 9-октябрда Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Бабанов, Ниязов, Султанбеков, Сагымбаев жана башка адамдар менен сүйлөшүп алып, эл топтоп Ала-Тоо аянтына бийликти басып алууга максат кылган" деп айтылат. Читать дальше...
24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди. Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон. “Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендеги 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө маалымат берди. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаган. “Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чаралардын токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Читать дальше...
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалымат таратты. Басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кум-Мазар жеринде эки тараптын чек арачылары ортосунда ок атышуу болгон. “Тажик жарандары Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин, ишембилик өткөрүшкөн. Кыргыз жарандары такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикир айтылып, тажик жарандарынын арасынан таш ыргыткан. Андан соң эки тараптын... Читать дальше...
Карпин москвалык "Спартак", испаниялык "Мальорка" жана Армавирдин "Торпедосун" таптаган. Учурда "Ростовду" машыктырып жүргөн.
Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин айтымында Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде тажик жарандарынын ишембилик кылып жатканына нааразы болуп кыргыз жарандары чогулган. Аким учурда жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, ишембилик токтотулуп, кыргыз жарандары дагы тарап кеткенин билдирди. “Негизи бул жерлер аныктала элек аймактар. Ошол Кум-Мазар деген жерге тажик тараптын он бештей киши ишембиликке чыккан. Ал жер такталбаган аймак болгондуктан чек арачылар, жергиликтүү бийлик дагы жумуштарды токтотууну талап кылганбыз. Читать дальше...
Түркмөнстанда жумуштан мыйзамсыз бошотулганы үчүн күрөшүп жүргөн дарыгер Хурсанай Исматуллаева дайынсыз болууда. Анын үйүнө акыркы жолу 16-июлда милиция формасын кийген адамдар келип, белгисиз жакка алып кетишкен.
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 24-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2238 адамга жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 1147 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 661 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 156 152 адамга жетти. Читать дальше...
Өкмөттүн Ысык-Көлдө Асман шаарын курабыз деген ою жарыя айтылгандан бери “Керек! “Колдон келет!”, “Жок, кереги жок! Куру кыял!” деп талашкандар көбөйдү. Биз бүгүн ошол долбоор эмес, дегеле шаар куруу (мамлекет түзүү) дареметибиз жөнүндө сөз кылалы. Мамлекеттин тиреги Жарандык коомдун эң башкы белгилери менен шарттары – туу, хан чатыр/өргөө, туруктуу чегара, аны кайтарган жоокерлер, кароол чоку/дөбө, ички жана сырткы катнаш жолдору ж.б.у.с. байыркы көчмөн доорлордо деле болгон экен. Ал эми соңку жүз жыл ичинде кайрадан оожалып... Читать дальше...
Баткен районунун акими Учкун Жоробаев Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун “Азаттык” радиосуна кабарлады. “Кечээ түнү саат 22-23төр чамасында түшүнбөстүктөр болуп, тажик тараптан бирин-экин киши топтолуп кыргыз тарапка таш атуулар болгон. Ок атуу боюнча азыр мен так айта албайм. Ички иштер бөлүмү жана чек арачылар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган”, - деди Учкун Жоробаев. Читать дальше...
Той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктаган мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган. Ушундай эле мыйзам долбоору буга чейин бир нече жолу көтөрүлүп, колдоо тапкан эмес.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости