Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 03.07.2023

"Алты айда жетип, башпаанек алдык". Активисттин абактан АКШга жеткен жолу

Azattyk.org 

Кезинде өз жеринде ийгиликтүү ишкердик кылган казакстандык активист Кайрат Султанбек кандуу Январь окуяларынан кийин "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыпталып, абакка кесилген. Кийинчерээк мунапыс менен бошоп чыгып, АКШдан саясий башпаанек алган.

Израил Женин аймагында аскердик операция жүргүзүүдө

Azattyk.org 

Израил дүйшөмбү күнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасындагы качкындар лагеринин аймагында палестиналык согушкерлерге каршы ири операция башталганын жарыялады. Рейдге жүздөгөн аскерлер катышууда. Палестина тараптын маалыматына караганда, сегиз адам каза болуп, 50сү жараат алган. Чопкутталган техника, бульдозер, дрон колдонулган бул аскердик аракетти батыштагы маалымат агенттиктери бир нече жыл ичиндеги эң ири операция деп аташууда. Израилдин коргонуу күчтөрү Женин аймагындагы... Читать дальше...

Интернеттен шыктанып, темир ийген Наргиза

Azattyk.org 

Сузак районунда темирди ийине келтирип, тил киргизген уста Наргиза Назаралева чакан ишкерликти баштады. Ал үйүндөгу устаканада зым тосмо жасайт. Наргиза эки ай мурда социалдык келишимдин негизинде өкмөттөн 100 миң сом алган. Ал бул акчага атайын жабдык сатып алып, кардарлардан заказ ала баштады.



Бишкекте үч адамдын өлүмүнө шектүүнүн соту 11-июлга белгиленди

Azattyk.org 

Бишкекте бир үй-бүлөдөн үч кишинин өлүмүнө шектүүнүн иши Октябрь райондук сотунда 11-июлда карала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 3-июлда “Азаттыкка” билдирди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 12-июнда билдирген.  Октябрь райондук сотунда баштапкы соттук угуулар өткөн. Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы киши кармалган. Читать дальше...

Эрезеге жеткенде өзү тандайт. “Матроним” маселесине чекит коюлду

Azattyk.org 

Конституциялык сот балдардын документиндеги “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздыруу боюнча талашка чекит койду. Мекеме бала 18 жашка чыккандан кийин атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечиши керек деген түшүндүрмө берди. Конституциялык сот бул маселени активист Алтын Капалованын арызынан кийин караган. Ал буга чейин жалгыз бой тарбиялап келаткан үч баласынын метрикасына өзүнүн ысымын жаздырган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул мыйзамсыз экенин билдирип, активистти соттон утуп алган. Читать дальше...

"Мектепти да сата баштадык". Казакстанда колдон-колго өткөн имарат

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы облусунун Карасай районундагы Шалкар айылындагы балдар жакында жаңы мектепке которулду. Эски имаратты сатып жиберишти. Аны бала бакча кылып ачканга инвестор издейбиз деген жүйө менен ушинтишти. Бирок бул мүлк колдон колго өтүп, акыры белгилүү диний ишмердин энчиси болуп калды. Ал жерде эч кандай бала бакча ачылган жок. “Азаттыктын” казак кызматы мектептин кандайча жана эмне үчүн сатылганын, аны бири-бирине өткөрүп берген адамдардын өз ара кандай алакасы бар экенин иликтеди. Читать дальше...

Эсеп-кысапты сом менен гана жүргүзүүнү сунуштаган мыйзам долбоору талкууга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын улуттук банкнотторун өлкө аймагында гана чыгарууну жана эсептешүүүлөрдү сом менен жүргүзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору 30-июнда коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибалиева демилгелеген долбоордо өлкө аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн, товарлардын жана башка эсептешүү бааларын чет өлкөлүк валюта менен көрсөтүүгө, жүргүзүүгө тыюу салынат. Бир гана соода ишинде экспорт-импорт кылган ишкерлерге жана эркин экономикалык аймактагы субъектилерге чет өлкөлүк... Читать дальше...

Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкектеги жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Орто-Алыш", "Башкара-Суу" жер астындагы суу алгычтарында болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда таза суу таңкыстыгын комплекстүү чечүүнү тапшырды. Кошумча сууканаларды курууга каражат бөлүнүп берилерин билдирди. Жапаров ошондой эле суу үчүн эсептегичтерди орнотууну тапшырды. Ал таза сууну сугатка пайдалангандар үчүн айып пулдун көлөмүн кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Читать дальше...



Конституциялык сот: прокурордун кылмыш ишин токтотуу токтому Баш мыйзамга каршы

Azattyk.org 

Конституциялык сот прокурорлордун кылмыш ишин токтотуу жана кайра баштоо, жандандыруу токтомдору Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктун жана, 260-беренесинин 1-бөлүгүн каралды.  Кодекстин 35-беренесинде прокурордун ыйгарым укугу көрсөтүлгөн. Анын 1-бөлүгүнүн 11-пунктунда көзөмөлдөөчү органдын өкүлү "тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимин жокко чыгарууга... Читать дальше...

Элчи Казакбаев Стамбулда жоголгон кызды издөө уланып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Стамбулда он күндөн ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Ж.Ш.Б аттуу кызды издөө иштери Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыздын жакындарынын суранычынан кийин элчилик издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Ушул тапта эки өлкөнүн укук коргоо органдары чогуу иш алып барууда. Кыздын жакындары азыр Стамбулда экенин... Читать дальше...

Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Орусияга элчи болуп дайындалды

Azattyk.org 

Казакстандын Орусиядагы элчиси кызматына экс-президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Даурен Абаев дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы расмий маалыматка таянып жазды. 44 жаштагы Абаев кезинде КМШнын башкы катчысынын орун басары жана Казакстандын маданият жана спорт министри кызматтарында да иштеген. Даурен Абаев 2021-жылы августта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда мамлекеттик мекемелерде жана дүкөндөрдө казак тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылып... Читать дальше...

Евробиримдик Өзбекстандын эки компаниясына санкция салды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Орусияга киргизген санкцияларынын 11-пакетине Өзбекстандын Alfa Beta Creative LLC жана GFK Logistic Asia LLC компанияларын да кошту. Еврокомиссиянын сайтына жарыяланган баяндамада эки компания тең Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине жардам бергени, тактап айтканда, Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн Батыштан товар сатып алууга көмөктөшүүгө аракет кылганы белгиленген.  Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги да Өзбекстандын дал ушул компанияларына санкция салган. Өткөн жылы АКШ... Читать дальше...

Жогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алуу 17-июлда башталат

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда баштала турганын билдирди. Кабыл алуу төрт тур менен өтөт. 1-тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; 2-тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин; 3-тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин; 4-тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын... Читать дальше...

Тамак-ашын келемиш аралап жүргөн кафе жабылды

Azattyk.org 

Бишкекте келемиш аралап жүргөн видеосу социалдык түйүндөргө тараган кафе бүгүн 3-июлдан тартып жабылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, "Рахат Лукум" кафеси санитардык талаптарды бузгандыктан, тамак-аш азыктарын келемиш аралап жүргөн окуядан улам жабылды. “Коомдук саламаттык жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемеси тамак-аш жана тамактануу... Читать дальше...

Конституциялык сот “матроним” тууралуу чечимине түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы боюнча чечим чыгарды.    Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылды.  Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Читать дальше...

Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 3-6-июль күндөрү абанын табынын жогорулашынан жана нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам сел жүрүшү ыктымал экени эскертилген. "Мындай аба ырайыдан улам өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптоонун алдын алуу  үчүн үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт",-деп жазылган маалыматта. Өткөн айда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен... Читать дальше...

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жаран табыла элек

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жаранды издөө уланып жатканын билдирди. Мекеменин билдиришинче, кырсык Куланак айылындагы насостук станциянын башкы курулмасында 2-июлда, күндүзгү саат 3төн өткөндө болгон. "Суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жатканда экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткен. Ошол күнү Нарын шаарынан жана райондон беш куткаруучу издөөгө чыккан. Ал күнү түн кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулуп... Читать дальше...

Францияда өлтүрүлгөн өспүрүмдүн чоң энеси нааразылыкты токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Францияда полиция кызматкеринин огунан каза тапкан 17 жаштагы Наэлдин чоң энеси өлкөдө жапырт нааразылыкка чыккандарды акцияларды токтотууга чакырды. Ал 2-июлда BFM TV телеканалына берген маегинде айрым жарандар өспүрүмдүн өлүмүн башаламандык үчүн шылтоо кылып жатканын айтты. Ал арада Гренобль шаарынын соту кармалган демонстранттарга алгачкы өкүмдөрдү чыгара баштады. 18 жана 22 жаштагы үч жаран төрт айга чейин эркинен ажыратылды. Алар дүкөндөрдөн буюм уурдаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Нантер... Читать дальше...

Тажикстанда банкирди уурдоого шектелген бир нече киши кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандагы "Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевди барымтага алган деген шек менен кеминде төрт адам кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна укук коргоо органдарындагы булактар билдирди. Колго түшкөндөрдүн аты-жөнү айтыла элек. Баары күч органдарынын мурдагы офицерлери экени,  кылмышкерлер менен тил бириктирип, банкирди уурдоого катышканы кабарланууда. Арасында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Карди Би

Худшие образы звезд на Met Gala 2024: Лана Дель Рей в «москитной сетке» и Карди Би с прической Мардж Симпсон





Rss.plus
РПЛ

Карта тройки: с кем сыграют претенденты на победу в РПЛ




Лучшие фильмы Международного фестиваля правильного кино назвали в Музее Победы

Монсон заявил, что его спортивная карьера практически завершена

Количество креативных кластеров в Москве за 5 лет выросло почти вдвое

Собянин: Фонд грантов одаренным учащимся школ искусств увеличен в три раза




4-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

4-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23... Читать дальше...

Ошто сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор акцияга чыкты

Azattyk.org 

3-июлда Ош шаарында 50 чакты адам сот системасына, прокуратурага жана милициянын ишмердигине нааразылыгын билдирип, акцияга чыгышты. Акциянын катышуучуларынын арасында Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча айыпталып соттолгондордун жакындары да бар. Алар бул ишке айыпталган эки жарандын тергөө абагында каза болушуна, калган эки кишиге берилген жаза мөөнөтүнө да нааразылыгын айтышты. Алар кыздын өлүмү боюнча ишти кароого катышкан соттордун, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун сүрөттөрүн кармап турушту. Читать дальше...

ЖМК мыйзамынын парламентте каралышы суроо жаратары айтылды

Azattyk.org 

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү аяктады, бирок эми ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсе мыйзамдуулугу чоң суроо жаратат. Мындай пикирин бүгүн 3-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып долбоорду иштеп чыгуу үчүн президенттин буйругу менен түзүлгөн жумуш тобунун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди: “Эки маселе бар. Президент Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумуш тобу толук иштеген жок, бир тараптуу болуп калды. Читать дальше...

Жерге түшүрүп алышкан ымыркайдын абалы турукташууда

Azattyk.org 

Бишкекте төрөт үйүндө жерге түшүрүп алышкан ымыркайдын абалы турукташып, жакшы динамика байкала башталганын бүгүн 3-июлда “Азаттык” радиосуна өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, бала 2900 граммдай болуп төрөлгөн, абалында начарлоо жок, дарыгерлер иштеп жатышат, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Окуя быйыл 26-июнда борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринде болгонун жаңыдан көз жарган келин социалдык түйүндөр аркылуу билдирген. Ал дарыгерлер тийиштүү көңүл бурбай коюшканын... Читать дальше...

Сот Юрий Низовскийге 50 миң сом айып пул салды

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге байланыштуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, тергөөдө Низовскийге үч эпизод менен айып тагылган. Сот өкүмүндө Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар, ал эми бир окуучунун А.А. аттуу ата-энесинен 10 миң сом алганы далилденбегени жазылган. Бирок мурдагы мектеп директору дагы бир эпозодго байланыштуу, тактап айтканда Б.Т. аттуу адамдан балдарын №61 мектепке которуу үчүн 12 миң сом алууга күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул салынган. Читать дальше...

Илон Маск Твиттердеги билдирүүлөрдү окууга убактылуу чектөө киргизди

Azattyk.org 

Твиттерди сатып алган америкалык миллиардер, SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск бул социалдык тармактагы билдирүүлөрдү көрүүгө, окууга убактылуу чектөө киргизди. Ага ылайык, көк белгиси бар, верификациядан өткөн колдонуучулар бир күндө 10 миң билдирүүнү көрө алат. Ал эми катардагы колдонуучулар бир миң, жаңы катталгандар болсо 500 билдирүү окуй алат. Маск башында мындан дагы аз сандагы билдирүүлөрдү көрүү мүмкүн экенин билдирген, бирок көп өтпөй көрүүнүн санын көбөйткөн. Ал мындай... Читать дальше...



Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Мы продолжаем знакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве налоговая потребовала взыскать долг с Алексея Навального



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России