Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 22.07.2023

Чек арадан Ташиевдин атын айтып өтүүгө аракет кылган адам камалды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл пунктунан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган С.А.Э аттуу жаран кармалды.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында, 22-июлда түнкү саат 2:30 чамасында Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеге чыккан. Күч кызматкерлери аны токтотуп, кармаган учурда ал атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, бошонуп кетүүгө аракет кылган. Аталган жаранга... Читать дальше...

Уланбектин иликтөөгө салган чыйыры өчпөйт

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына беш жыл болду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган. Өлкөдөгү курч, көйгөйлүү маселелерди тайманбастан козгоп, коомго алып чыккан чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев көз жумганда 28 жашта гана болчу.  Андан кийин Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлүп, жыл сайын мыкты иликтөөчүгө байге берип келет. Мындан башка да көптөгөн иш-чараларда анын ысымы аталып, эмгеги эскерилип жүрөт.

Мурдагы министр Кутманова камакка алынды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалганын билдирди. Ал аталган министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда "башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталды" деп маалымдады. "Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды. Читать дальше...



УКМК мурдагы министрди жемкорлукка айыптады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирди. УКМК айткан чыгымдар Мекеменин 22-июлдагы маалыматына караганда, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө. "Жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын... Читать дальше...

УКМК Кутмановага байланыштуу алтоо камалганын, жакында өзү боюнча тергөө иштери жүрөрүн билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 22-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө жана жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда. Читать дальше...

Чычкан капчыгайында кырсыкка кабылган автоунаа күйүп кетти

Azattyk.org 

Чычкан капчыгайында автоунаа ташыган оор жүк ташуучу машина кырсыкка кабылды. Социалдык тармактарда тараган видеодо Чычкан капчыгайында автоунаа ташып бараткан машинанын алды күйүп жатканын көрүүгө болот. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 22-июлда таңкы саат 6:30 чамасында Бишкек-Ош жолунда болгон. Алдын ала маалыматта жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу уктап кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда. Социалдык тармактын колдонуучулары эки адам каза болгонун жазышты. Читать дальше...

"СПИД борбору калсын". Жаңы түзүлгөн институттун жаңжалы

Azattyk.org 

21-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына ВИЧке жана гепатитке чалдыккандардын өкүлдөрү акцияга чыгышты. Алар кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборду Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун карамагына өткөрүүгө каршы экенин айтышты. Акцияга чыккандар менен министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жолукту. Ал мекемелерди бириктирүү илимий тармакты өнүктүрүү максатын көздөй турганын айтууда. Быйыл, 7-июлда өкмөт Алдын алуучу... Читать дальше...

Ленин округу боюнча шайлоочулар тизмеси такталды

Azattyk.org 

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси такталды. Ага ылайык, 10-сентябрда 127 819 шайлоочу добуш бере алат. Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматта айтылгандай, шайлоочулар 25-июлдан 30-августка чейин тизмеде бар-жогун "Тизме" порталынан текшере алышат. Тизмеден өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылышы керек. Арызды аталган порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө да берүүгө болот. Читать дальше...



ӨКМ: Нарында сел жүрдү, тоолуу аймактарда кооптуу болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн 22-июлда аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди. Мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, Нарын районунун Куланак айылында бүгүн нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптады. Адамдар жабыркаган жок. Өткөн айда жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптап, көп өтпөй Жалал-Абаддын... Читать дальше...

Сот Дональд Трамптын иши боюнча териштирүү күнүн аныктады

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка коюлган "жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган» деген кине боюнча сот процесси 2024-жылы 20-майда башталат. Мындай чечимди АКШнын округдук (Флорида штаты, Форт-Пирс шаары) судьясы Эйлин Кэннон 21-июлда  чыгарганын Reuters агенттиги жазып чыкты. Трамптын адвокаттары бул күнгө каршы чыгып, кайсы гана сот процесси болбосун, 2024-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодон кийин өтүшү керектигин айтып келишкен. Соттун бул чечиминен кийин экс-президенттин... Читать дальше...

Коом маданияты: медиктер менен блогерлердин тиреши

Azattyk.org 

Өткөн аптада блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышы коомчулукта талкуу жаратты. Бул жолу блогер менен медицина кызматкерлеринин тирешине байланыштуу “Эже-сиңдилерде” коомдогу дарыгерлерге болгон мамиле, саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөр талкууланды.

"Чёрный двор", "Агай", "2020": Көрүүчү топтогон сериалдар

Azattyk.org 

Соңку жылдары кыргыз режиссерлору сериал жанрына басым жасай баштаганын байкоого болот. Кыргызстандык сериалдар Борбор Азияга таанылып, миллиондогон көрүүчү топтоп жатат. “Азаттык+”бул тармактын бүгүнкү абалы жана эртеңки потенциалы жөнүндө режиссерлор менен болгон видеоподкастын сунуштайт.

Көлдө өспүрүмдүн уурдалышын милиция териштирүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде 12 жаштагы өспүрүм уурдалганы тууралуу маалыматты милиция териштирип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция баланын уурдалышына байланыштуу тарап жаткан кабарларды ырастаган жок. Толук маалымат кечирээк берилерин белгиледи. Буга чейин айрым маалымат каражаттары 20-июлда Бостери айылындагы пансионоттардын биринен 12 жаштагы бала уурдалганын жазышкан. "Кактус медиа" басылмасы ишенимдүү булактарына таянып... Читать дальше...

Кыргызстанда Нотариалдык палатанын башкаруу органы шайланды

Azattyk.org 

Бишкекте нотариустардын биринчи чогулушу 21-июлда өтүп, анда Нотариалдык палатанын башкаруу органы шайланды. Бул тууралуу Юстиция министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өлкөнүн аймактарынан чогулган 300дөн ашык өкүл катышкан жыйында нотариалдык тутумду реформалоо жана буга чейинки аткарылган иштер талкууланган. Мындан сырткары, Нотариалдык палатанын иштөө принциптери макулдашылып, башкаруу органдары шайланган. Жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган чиновниктер... Читать дальше...



Москва

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Неделя мэра: новая «Иволга» и комплексное благоустройство



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Кабинет Артиста – подключение и настройка на различных музыкальных стримингах.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Алла Пугачёва

Оставшиеся в России родственники Аллы Пугачевой погрязли в долгах и лишились квартиры



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России