Германияда концлагердин мурдагы кароолчусу соттолууда
Германияда жаш кезинде Заксенхаузен өлүм лагеринде кароолчу болуп иштеген жергиликтүү жашоочу соттолууда. Гисен шаарынын прокуратурасы ага 3 миңден ашуун күнөөсүз адамдын өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. 98 жаштагы шектүүнүн аты-жөнү коомчулукка ачык айтылган жок. Прокуратуранын арызында шектүү концлагерде 1943-жылдын июль айынан 1945-жылдын февралына чейин иштегени көрсөтүлгөн. Бул убакыт аралыгында ал 18 жашка толо элек болгондуктан, иши өспүрүмдөр боюнча протоколдун негизинде каралат. Читать дальше...