Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт
21-ноябрдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жок. Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Читать дальше...