Гонконгдо демонстранттар парламенттин имаратына кирип барышты
Гонконгдо жүздөгөн демонстранттар мыйзам чыгаруучу орган жайгашкан имаратка жапырт кирип барышты. “Рейтер” агенттиги көбү темир арматура, түтүктөр менен куралданганын жазды. Телекадрларда алар дубалдардагы сүрөттөрдү талкалап, тамдарга граффити тартканын, залдарга тамак-аш салынган кутуларды алып келип жатышканын көрсө болот. Маалыматтарга караганда полиция демонстранттарга тоскоол болгон жок.
Бийлик нааразылыкка чыккан жаштарды “козголоңчулар” деп атады жана имараттан чыгып кетүүгө чакырды.
1-июлда эртең менен Гонконгдун Кытайдын юрисдикциясына өткөнүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара полиция менен демонстранттардын кагылышуусу менен аяктаган. Дүйшөмбүдө эртең менен туу көтөрүү аземине тоскоолдук жаратууга аракет кылган демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, союлдарды колдонду. Бир нече киши жаракат алганы кабарланды. Оппозиция буга чейин бул күнү ири каршылык акциясын өткөрөрүн эскерткен.
Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элдин нааразылыгын жараткан. Мыйзамга каршы чыккандар долбоор диссиденттерди, адилетсиз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашат.
Массалык нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен алынышы керек дешет. Өткөн дем алыш күндөрү, маалымат каражаттары кабарлашкандай, Гонконгдун көчөлөрүнө 2 миллиондой киши чыккан.
1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы көз карандысыз бойдон калышы керек деген шарт коюлган.