Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 09.07.2019

Европа өлкөлөрү Иранды өзөктүк келишимди сактоого үндөштү

Azattyk.org 

Ирандын 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк программасына кол койгон Европа мамлекеттери Тегеранды уран байытуунун деңгээлин көтөрүү тууралуу чечимин кайра карап көрүүгө жана келишимге кол койгон бардык мамлекеттерди тез арада чогулууга чакырды. 9-июлдагы биргелешкен билдирүүсүндө Германия, Британия, Франция жана Европа Биримдиги Ирандын келишимдеги айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканына терең кабатырлануусун билдирген. Алар билдирүүдө Иран келишимден чыкпоону каалай турганын да белгилеп, тараптарды... Читать дальше...

Аксынын эки айылында сел жүрдү

Azattyk.org 

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө 9-июлда сел жүрдү.  Мундуз жана Жаңгак айылдарында 20дан ашык үй сел каптоо коркунучуна кептелгенин жергиликтүү жашоочулар билдиришти.  Маалыматка караганда, Бозбу тоосу тараптан келген сел ички жолдорду жууп кетти. Катуу жүргөн сел жергиликтүү тургундун машинесин да агызып кеткени кабарланды.  Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде иштеп жатат.

Депутаттын баласы катышкан жол кырсыгы

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгында чырактай болгон төрт жигиттин өмүрү кыйылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу да жабыркаган.



Путин Грузияга санкция киргизүүнү колдобойт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин парламенттин Грузияга каршы санкция салуу боюнча сунушун колдобой турганын билдирди. Ал «бузукулардын чагымына жооп кылганча, чыңалган мамилени оңдоону маанилүү» деп эсептей турганын айтты. Путин бул тууралуу парламент бир добуштан өкмөткө Грузияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүнү сунуш кылган резолюция кабыл алгандан кийин кеп кылды.  9-июлда Санкт-Петербургда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин «грузин элине сый-урматынан улам Грузияга санкция салуудан оолак» болорун айтты. Читать дальше...

Туск: Карабак маселеси эл аралык эрежеге ылайык гана чечилет

Azattyk.org 

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун айтымында, Евробиримдик Армения менен Азербайжандын ортосундагы көптөн бери келе жаткан Карабак маселесин чечүүнүн жалгыз жолу – аны эл аралык принциптерге ылайык жөнгө салуу деп эсептейт. Бул тууралуу Дональд Туск 9-июлда Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди: - Евробиримдик Азербайжандын эгемендигин, өз алдынчалыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт, - деди Туск. - Аймактагы туруктуулук тууралуу айтканда, биз Тоолуу Карабак маселесин да талкууладык. Читать дальше...

Матраимовдордун иши жана 647 млн. доллар

Azattyk.org 

Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Анда Кыргызстандан 647 млн. доллар чыгарылып кеткенин тактады. Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 1,4 млн доллар сырттан которулганын билдирди.



Сасыкбаева: Текебаев чыкпаса, оппозицияга кетебиз

Azattyk.org 

16-июлда сот Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса «Ата Мекен» партиясы толугу менен оппозицияга өтөт. Бул тууралуу «Эки бир» берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди. Ал өлкөдөгү саясий абал, камактагы партиялаштары жана коомдогу курч маселелер боюнча пикири менен бөлүштү. Асия Сасыкбаева менен Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Асанов маектешти.

Салянованын жактоочусу ал кыйноого кабылып жатканын айтты

Azattyk.org 

Аида Салянованын абалы соңку эки күндө оорлоп кетти, ал кыйноого кабылууда деп айтса болот. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди: - Мен бүгүн Аида Жеңишбековнаны көрүп, зээним кейип турат. Эки күн мурда көргөм, андан бери ден соолугу аябай начарлап кетиптир. Себеби аны аягына чейин дарылабай, доктурдан шашылыш түрдө чыгарып жиберишкен. Албетте, доктурларга ИИМдин кызматкерлери басым жасашкан. Ушинтип доктурларды да саясатка аралаштырып жатышат. Адвокаттын айтымында... Читать дальше...

Атамбаев суракка барган жок

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын өкүлдөрү кабарлашты. Ал эми министрликтин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө: - Тергөө кызматы бизге азырынча эч кандай кагаз берген жок. Болгон маалыматтын баары сайтыбызда турат, - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова. Милиция кызматкерлери чакырууну Атамбаевге 8-июлда Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Читать дальше...

Депутаттын уулун айыптап жатышкан жол кырсыгы боюнча анын туугандары үн катты

Azattyk.org 

«Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков Ысык-Көлдө төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү эмес» деп анын туугандары 9-июлда «Азаттыкка» билдиришти. Өзүн Каныбек Жакшыбаев деп тааныштырган адам Токобеков рулда болбогонун, айдоочунун жанында отуруп баратканын айтты. Кырсык 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана «BMW Х7» машинелери кагылышып, «Lexus» автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Ошол эле кырсыктан жабыркаган бир адам реанимацияга түшкөн. Читать дальше...

Гонконгдо бийлик элдин талабына көндү

Azattyk.org 

Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм кылмышка шектүү жарандарды Кытайга экстрадициялоого жол ачкан мыйзамды "өлүк" деп атады. Дохадагы кезектеги жыйында "Талибан" менен ооган коомунун өкүлдөрү Ооганстандын "жол картасын" түзүү тууралуу макулдашууга жетишти. Иркутскиде суу ташкындан жапа чеккендер үйлөрүнө кайтышууда.

Жээнбеков Швейцарияга барды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-июлда Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча бул өлкөгө расмий сапар менен барды. Жээнбеков өлкө башчысы менен жолугушуудан тышкары Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Экономика, финансы, туризм, аймактарды таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөдөгү документтерге кол коюлат. Кыргыз президенти Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Балбан Бакдаулет Эгембердиев уландар арасында Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык жаш балбан Бакдаулет Эгембердиев күрөш боюнча уландар жана кыздар арасындагы (кадеттер) Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Азия чемпионаты 4-июлдан 7-июлга чейин Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, байгелер грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздар күрөшүнөн ойнотулду.  Эгембердиев 5-июлда грек-рим күрөшүнөн 71 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач чейрек финалда жапониялык Лори Кошибаны, жарым... Читать дальше...

"Хрустал" кыздын сыныгы көп

Azattyk.org 

Казакстандык активисттер коомдук жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарт жок экенин тизмелеп жатат. Эмне үчүн сууга чөккөн адамдардын саны азайбайт? Түгөйлөрдүн ажырашуусу Казакстанда чоң көйгөйгө айланды. Дүйшөмбүлүктөр бекер Интернетке ээ болду. Хрустал кыздын жашоосу кыйын. Вьетнамдык сноубордист өз өлкөсүндө кышкы оюнду жайылтууда.


Музыкальные новости
Певец

Певец SHAMAN встретился с мальчиком из Рязани, который мыл машины ради билета на его концерт





Rss.plus
Сергей Собянин

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин




Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Рейды по участкам с нецелевым использованием прошли в Подмосковье

Первенство по фигурному катанию прошло в Электростали

Площадь квартир в новостройках Москвы сократилась на четверть за 5 лет




Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков бүгүн, 9-июлда Тайланддын Чонбури шаарында башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Талантбеков грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алтын байге үчүн таймашта Талантбеков ирандык Мохамед Азиз Нагхоси менен күч сынашты. Алгач, үч упайлык ыкма жасап Талантбеков алдыга чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө ирандык балбан көтөрүп чаап... Читать дальше...

Сасыкбаева: Текебаев акталбаса «Ата Мекен» оппозицияга өтөт

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясы мындан аркы саясий позициясын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунун жыйынтыгына жараша аныктайт. Бул тууралуу 9-июлда «Азаттыкка» партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди: - 16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз.  Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 16-июлда кайра карайт. Юристтер бул... Читать дальше...

Абитуриенттер кесип тандай баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.

Төлөмүш Океев тартпай койгон тасма

Azattyk.org 

«Улан», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Биздин балалыктын асманы» өңдүү кинотасмалары аркылуу чыгаан талант атыккан кинорежиссер Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл күздө 84 жашка чыкмак.

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды

Azattyk.org 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча өтүп жаткан сотто соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы тааныштырылды. Эксперт Ахунжановдун берген маалыматы боюнча, маркум Мамажакыповдун башына ок оң жагынан кирип, сол жагынан чачылып чыгып кеткен. - Ок атылган кезде Мамажакыпов отурган же жаткан болушу ыктымал, анткени үстүнөн атылган. Баш сөөгү чачырап кеткен. Сөөк табылган жерден маркумдун баш сөөгүнүн жети сыныгы табылды. Мындан тышкары маркумга таандык кашка тиштын сыныгы да алынган. Читать дальше...

Ак-Кыяда кымыз фестивалы өттү

Azattyk.org 

Кочкор районунун Ак-Кыя айылында кымыз фестивалы өттү. Ага райондогу жылкычылар катышып, малчылардын майрамы менен коштолду. Иш-чаранын алкагында жакшы ачытылган кымызга байге берилди.



Москва

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Эдит Пиаф

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Анонс выпуска городской газеты «Деловой Новочеркасск» №17 (185)

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Московский таксист опоздал на вызов к пожилому пассажиру и прострелил ему бедро



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России