Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнү украин тарап сунуштаган. Кремлдин билдирүүсүндө «Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча суроолор жана эки тарапта тең кармалып тургандарды бошотуу боюнча биргелешип кызматташуу маселелери талкууланды. Эксперттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү улантуу келишилди», - деп жазылган. Зеленскийдин администрациясы телефондук сүйлөшүү тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...