Калыйбек Элтуйбасов АКШдан баш калка алды
Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иште аты аталып келген Калыйбек Элтуйбасов (Салянов) жана анын үй-бүлөсү АКШдан баш калка алды. Муну анын Кыргызстандагы туугандары «Азаттыкка» ырасташты.
Биздин колубузга тийген документтерге караганда, АКШнын Иммиграциялык соту аны «куугунтук курмандыгы» деп тапкан. АКШнын ачык булактарынан алынган маалыматка караганда, Элтуйбасовдун өтүнүчүн Миссури штатынын соту караган.
«Сот кайрылган адамдын саясий көз карашына байланыштуу ал келечекте чындап куугунтукка кабылышы мүмкүн деп таап, анын баш калка алуу жөнүндө арызын кабыл алды. «Кайрылган адамдын баш калка алуу арызы канаттандырылсын. Кайрылган адамдын арызы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы конвенциясына ылайык корголсун», - деп жазылган документте.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Калыбек Элтуйбасов 2018-жылы АКШда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кармалганын, анын иши Миссури штатындагы Сент-Луис шаардык сотунда каралып жатканын кабарлаган. Жыйынтыгында Элтуйбасов депортация болушу ыктымал экени, бул үчүн Башкы прокуратура аркылуу АКШга суроо-талап жөнөтүлгөнү айтылган. Кийин бул маалыматты Башкы прокуратура төгүндөгөн.
«Киши колдуу болду» деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаардын четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.
Алардын ичинде Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары мүнөздөлүп калган. Ички иштер министрлиги бул иште «тергөөгө каршылык көрсөткөн» деген киненин негизинде Калыйбек Саляновго айып коюп, 2017-жылы ага издөө жарыялаган.
Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөрткөнү белгилүү болгон.
Аида Салянова кезинде муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «саясий куугунтуктугу» катары баалаган. Салянова буга себеп катары өзүнүн башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийинки тирешүүнү атаган. Иммиграциялык соттун чечиминин негиздемесинде да бул тууралуу белгиленген. (КЕ)