Салянованын жактоочусу ал кыйноого кабылып жатканын айтты
Аида Салянованын абалы соңку эки күндө оорлоп кетти, ал кыйноого кабылууда деп айтса болот. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди:
- Мен бүгүн Аида Жеңишбековнаны көрүп, зээним кейип турат. Эки күн мурда көргөм, андан бери ден соолугу аябай начарлап кетиптир. Себеби аны аягына чейин дарылабай, доктурдан шашылыш түрдө чыгарып жиберишкен. Албетте, доктурларга ИИМдин кызматкерлери басым жасашкан. Ушинтип доктурларды да саясатка аралаштырып жатышат.
Адвокаттын айтымында, ага чейин доктурлар Саляновага операция жасоо керектигин билдиришкен. Эми чала дарылап койгондуктан абалы оорлоп кетти.
“Алы кетип, дем жетпей, энтигип жатат. Жөтөлү күчөгөндүктөн жүрөгүнө күч келүүдө. Мындай абалдагы адам кардиологдун түздөн-түз көзөмөлүндө болушу керек эле” деп кошумчалады жактоочу.
Сыдыкова Салянованын азыркы абалын кыйноо катары баалап, Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылуу даярдап жатканын айтты.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.
Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтууда.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет.
Адвокаттын айтканына ИИМ азырынча комментарий бере элек. (RK)