Баетов: ЖЭБди оңдоп-түзөө максатына жетти
Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. 10-июлда күбөлөр суралып, Энергетика министрлигинин мурдагы статс-катчысы Батыркул Баетов сөз сүйлөдү. Ал айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин суроосуна жооп берип жатып, ЖЭБди модернизациялоо максатына жеткенин айтты. Калиев «ЖЭБди оңдоп-түзөө иштерин аткарган ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөдүкпү, модернизация максатына жеттиби?» деп суроо салган.
Баетов өз кезегинде «ТВЕА менен кызматташуу боюнча жыйындарга катышуу, андагы ар кандай документтерге министрлик жетекчилеринин кол коюу менен аталган компаниянын кызыкчылыгын көздөйт деп айтуу кыйын экенин» билдирди. Ал мунун мыйзамдуу жагын сот чечиши керек экенин айтты.
Соттук териштирүүнүн түшкө чейинки бөлүгүндө «Электр станциялары» ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Үкүбаев суралган. Ал ошол кезде ТВЕА Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) линиясы боюнча дагы насыя алып келишерин маалымдашканын билдирген.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өңдүү мурдагы жетекчилер бар.
Ишин кароо Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. (КЕ/TSh)