Түрмөдө өлгөндөрдүн жакындары шек санады
Кошмо Штаттар Иран жана Йемендин жээктерине жакын жерлерде кемелердин ээн-эркин жүрүшүн көзөмөлдөгөн эл аралык коалиция түзүүнү караштырууда. Орусиянын президенти Владимир Путин Грузияга cанкция cалуу демилгесин колдогон жок. Тажикстанда түрмөдөгү 14 кишинин өлүмү териштирилип, экспертиза жүрүп жатат. Айрым маркумдардын жакындары соттолуучулар нанга ууланган деген расмий версияга ишенбейт.