ЖМК: ишкер Каримовдун өлүмүнө теги кыргызстандык жаран шектелип жатат
Орусиялык "URA.ru" маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовго кол салууну теги кыргызстандык жаран уюштурганын жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматына караганда, "Зама" деген каймана аты бар Замир аттуу аттуу теги кыргызстандык, бирок Орусиянын жараны бул кылмышка шектелип жатат. Ал буга чейин оор кылмыш үчүн бир нече жыл түрмөгө кесилип, жакында эле абактан чыкканы маалымдалды. Анын Каримов менен мурунтан тааныштыгы болгону, 2-июлда «Таганский ряд» базарында ишкердик кылган маркумдун жанында ири суммадагы акча болоорун алдын ала билип, аны карактоо максатында кол салууну уюштурганы айтылууда.
5-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Раимбек Салимов Каримовго кол салган эки кишинин аты-жөнү аныкталганын, аларды издөө иштери жүрүп жатканын «Азаттыкка» билдирген. Бирок алардын жарандыгы, тек-жайын айткан эмес.
Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок тийип, «Тез жардам» келгенде каза тапкан. Маркумдун жанында 19 миллион рубль болгону кабарланган.
Кылмыш боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени, Ош облусунун Кара-Суу районуна алып келинип, жерге берилген.