АКШнын МАГАТЭдеги өкүлү Ирандын аракеттери "опузалоого" тете экенин билдирди
АКШнын Эл аралык атомдук энергия агенттигиндеги өкүлү Жеки Уолкотт 10-июлда Венадагы жыйында сүйлөп жатып, Ирандын аракеттерин сындады.
Тегерандын 2015-жылы өзөктүк келишимге кол койгон европалык өлкөлөр 60 күндүн ичинде санкцияларды жумшартуу боюнча аракеттерди көрбөсө, уран байытуунун деңгээлин көтөрүү аракетин уланта бере турганын айткан билдирүүсүнө жооп кылган Уолкотт “Ирандын туура эмес жүрүм-туруму сыйга татыктуу эмес” деп айтты.
Анын белгилешинче, АКШ 2018-жылы келишимден Иран өзөктүк курал жасабайт деген кепилдик бербегенине байланыштуу чыккан. Ошол эле кезде ал АКШ сүйлөшүүлөргө даяр экенин да кошумчалады.
Бүгүн, 10-июлда Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши АКШнын өтүнүчү менен Венада жыйын өткөрүп жатат.
Бул Тегеран 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк программасы боюнча келишимдеги экинчи шартты бузгандан кийин болуп отурат. Иран 8-июлдан тарта уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырган.
Ирандын президенти Хасан Роухани 10-июлда уранды байытууну көбөйтүү тынчтык максатта гана жасалып жатканын, ал электр кубатын өндүрүү жана башка иштер үчүн колдонуларын айтты. Роухани бул өзөктүк программа боюнча келишимдин шарттарына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек.
Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, АКШ макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн.
Тегеран Европа мамлекеттеринен ал келишимди сактап калуу боюнча чыныгы аракеттерди күтө берип чарчагандыктан анын айрым шарттарын мындан ары аткарбай турганын өткөн айда эскерткен.