Жалал-Абадда орус жараны мыйзамсыз курал сактоо үчүн айыпталууда
Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап жаткан Орусиянын Астрахань шаарынын 45 жаштагы «Иса» аттуу тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактоо боюнча айып менен кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча 8-июлда шектүү тергөөгө чакырылып, анын көрсөтмөсү менен шаардагы мүрзөлөрдүн биринде көмүлгөн куралдар табылды. 7,62 калибрдеги сайлуу, колдо жасалган бир даана курал, Иж К-20 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 20 даана 7,62 калибрдеги октор казылып алынды. Алынган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Астрахань облустук жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан экстремисттик кылмыштарга байланышкан кылмыш иши боюнча 2012-жылы соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп жүрүп, жатак абагынан качып кеткендигине байланыштуу издөөдө жүргөндүгү аныкталды. (RsK)