Пакистанда поезд кырсыгында ажал тапкандар 20га чамалады
Пакистандын бийлиги дагы жүзгө чукул адам жараат алганын кабарлады.
Адам өлүмү менен аяктаган кырсык 11-июлда, таңга маал Рахим-Яр-Хан шаарга жакын жердеги станцияда болду. Лахор шаарынын Белужистан провинциясын көздөй эл ташып бараткан поезд жолдо жүк жүктөлүп турган вагонду сүзүп алды.
Кагылышуудан кийин поезддин кеминде үч вагону жолдон чыгып кеткен, башкы вагон толугу менен кыйраган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Пакистанда адам өлүмү менен аяктаган поезд кырсыктары буга чейин да болгон. Темир жолдордун басымдуу бөлүгү XX кылымдын биринчи жарымында, британ оторчулугунун тушунда курулган жана ошондон бери дээрлик жаңыртылган эмес.