Өзбекстандагы Улуу Жибек Жолу фестивалына Баткенден өкүлдөр катышууда
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган маданият кызматкерлеринен турган топ Фергана облусунун Маргилан шаарында уюштурулган “Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.
Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, тараптар Фергана-Баткен кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүүнү талкуулашты.
Андан соң Улуу Жибек жолунда жашаган элдердин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңке уюштурулду. Фестивалга жыйырмадай өлкөдөн өкүлдөр катышууда. Эл аралык маанидеги өткөрүлүп жаткан бул иш-чара үч күнгө созулат.
Иш-чара Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолууда. Анда ар бир эл өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда, өз таланттарын фольклор жанрында көрсөтүүдө. (JsA)