Нью-Йоркто электр жарыгы калыбына келди
АКШнын Нью-Йорк шаарында электр жарыгы менен камсыз кылуу калыбына келди. Ишемби күнү кечинде шаардын борбордук бөлүгү Манхэттен жарыксыз калган. Блэкаут деп коюшкан бул электрдин өчүшүнөн 70 миңге жакын адам жарыксыз отурду.
Метро токтоп, көптөгөн адамдар вагондордон жана көп кабаттуу үйлөрдүн лифттеринен чыга албай калышты. Жол чырактар иштебей, көчөлөрдө тыгын пайда болду. Бродвейде спектакль үлгүлтүккө учурап, айрым чыгармачыл топтор көчөлөрдө өнөрүн көрсөтүштү.
«Madison Square Garden» залында белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопестин концерти башка күнгө жылдырылды.
Нью-Йорк штатынын губернатор Эндрю Куомо мындай авариянын себебин көмөк чордондордун бири иштен чыкканы менен түшүндүрдү. Теракт тууралуу версия каралган жок.