Экономика министрлиги жыл башынан бери ИДӨ 6,4% өскөнүн билдирди
Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматына таянып, 2019-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 232,6 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүш 6,4% түзгөнүн билдирди.
Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда орточо экономикалык өсүш 2,1% түзгөнүн айтты. Ал эми айыл чарбасында 1,7%, курулушта 5,9%, өнөр жайында 20,5%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 1,4% , соодада 4,7% экономикалык өсүш болгон.
Ошол эле учурда 2019-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 2,6% төмөндөдү, мында экспорттун жөнөтүлүшү 3,7% көбөйдү. Ал эми импорттун келиши 4,7% азайды. (BTo)