Иран учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн четке кагууда
Иран АКШнын аскер кемеси стратегиялык Ормуз кысыгында алардын учкучсуз учагын атып түшүргөнүн четке кагууда.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи 19-июлда «Твиттерге» «Тегеран Ормуз кысыгында же дагы башка бир жерде пилотсуз учагын жоготпогонун» жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамп 18-июлда АКШнын аскер кемеси Ормуз кысыгында Иранга таандык пилотсуз учак бир канча эскертүүгө карабастан аскерлерге коркунуч жаратып, 900 метр жакындап келгенде атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.
Мунун алдында Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Перс булуңунда бортунда 12 киши бар чет өлкөлүк мунай танкерин кармап алышкандан кийин болуп отурат.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимден АКШ чыгып кеткенден бери анын Иран менен алакасы курчуп, чыңалып турат.