Нурбек Жолборсовдун иши "Коррупция" беренеси менен каралууда
Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси - "Коррупция" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
"Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган",- деди прокуратуранын өкүлү.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, Жолборсовдон уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда. Прокуратура бул маалыматты бышыктай элек жана муну тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштырып жатат.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 6-сентябрга чейин камалганын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кеңешчисинин кармалганынан кабарсыз экенин 18-июлда "Азаттыкка" айтты.
Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова уран иштетүүгө байланышкан иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешеси жок экенин, уран калдыктарын рекультивациялоого байланышкан тендер 2017-жылдан бери өтө электигин айтты.
35 жаштагы Нурбек Жолборсов Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштеп жүргөн. 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Бир Бол" фракциясынын тизмесинде талапкер болгон.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга 6-июлда киргизилген. (КЕ/SE)