Кыргыз илимпозунун куткаруучу роботу
Вашингтон ирандык учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирсе, Тегеран бул кур доомат экенин айтууда. Жекшембиде Украинада парламенттик шайлоо өтөт. Сурамжылоо президент Зеленскийдин партиясы алдыда баратканын көрсөттү. Тажикстан Ирактан алып келген ондогон балдарды убактылуу санаторийге жайгаштырды. Швейцарияда кыргызстандык илимпоз Жеңишбек Жакыпов жана анын командасы кумурска сыяктуу, куткаруучу боло ала турган роботторду ойлоп табышты.