НАТО Иранды кармалган кемелерди коё берүүгө чакырды
НАТО Ирандын Ормуз кысыгынан эки кемени кармашын сындап, Тегеран бийлигин экипаждарды коё берүүгө чакырды.
19-июлда Ирандын аскерлери Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармаганы кабарланган. Алардын бирөө Либериянын желеги менен бараткан. Ал кийинчерээк коё берилген. Ал эми британ желеги менен бараткан кеме 23 экипажы менен Ирандын Бендер-Аббас деңиз портунда турат.
Буга байланыштуу Британия Иранга каршы санкциялардын пакетин даярдап жатат. Расмий Лондон андан тышкары Тегеранга каршы чектөөлөрдү киргизүү өтүнүчү менен Евробиримдикке жана БУУга кайрылууну көздөөдө.
Ал эми Тегеран бийлиги Британиянын танкери эл аралык деңиз мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын жүйө кылууда. (BTo)