Арыстагы жарылуудан жараат алган наристенин абалы оор
Казакстандын саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов 24-июнда Арыстагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан жараат алган наристенин абалы өтө оор экенин билдирди.
Министрдин айтымында, ал күнү жарадар болгон дагы эки киши Алматы жана Чымкенттеги бейтапканаларда калууда. Дарыгерлер алар сакайып баратканын айтышты.
Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.