Сагынбаев: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин көзөмөлүндө
Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында айтты.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Сагынбаев Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишкен.
Ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү уланып жатканын, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топторунун 6-июлда өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө. (BTo)