Европада эң ысык аба ырайы катталды
Француз метеорология институту 25-июлда Парижде аба ырайына көзөмөл жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык аба ырайы катталганын билдирди.
Абанын температурасы 25-июлда түшкү саат 13:40та 40,6 градустан ашса, кийин дагы көтөрүлгөнү айтылды. Бул температура 1947-жылы катталган рекорддук көрсөткүч болгон 40,4 градустан жогору болду дегенди билдирет.
Ушул күндөрү Францияда гана эмес, жалпы Европада аба ырайы ысып жатат. Британ улуттук синоптикалык борбору 25-июлда аба температурасынын ушул айдагы жаңы жогорку көрсөткүчү катталганын, ал 36,9 градус болгонун билдирди. Буга чейинки рекорд 36,7 градус деп табылган.
Нидерландда 25-июлда аба ырайынын температурасы биринчи жолу 40 градустан ашты. Эки күн мурда бул өлкөдө аба ырайынын ысыктыгы 38,6 граудска жетип, ал 1944-жылы катталган рекорддон өткөнү айтылган.
Белгиянын метеорология институту 1983-жылдан бери биринчи жолу аба ырайы 40 градустан ашканын маалымдады.
Германиянын, Люксембургдун жана Швейцариянын шаарларында да күн ысып жатат, аларда да абанын ысыктыгы 40 градустан ашышы мүмкүн экени айтылууда.