Соодагерлер «Берекет универсал» базарын жабууга каршы акцияга чыгышты
![Соодагерлер «Берекет универсал» базарын жабууга каршы акцияга чыгышты](https://gdb.rferl.org/6357A6F8-FD1C-4F24-B86D-042195A28221_cx0_cy12_cw0_w800_h450.jpg)
Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын 200дөн ашуун соодагери нааразылык акциясына чыгышты. Алар базардын жабылышына жана анын ордуна соода борборун курууга каршылык билдирип жатышат.
- Базарды жаап, көп кабаттуу соода борборунун курулушуна каршы болуп жатабыз. Куруп туруп эле кайра «чарчы метрин 1,5 миң доллардан сатабыз» деп жатышат. Бекер куруп берсе эл макул болмок. Өзүбүздүн ордубузду буга чейин 5-10 миң долларга сатып алганбыз, - деди соодагерлердин бири Руслан Исаков.
Наарызылык акциясына чыккан соодагерлер менен жолугууга вице-мэр Азиз Алымкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев жана Талант Мамытов барды. Алар соодагерлерден өкүл жөнөтүп, сүйлөшүүнү сунуш кылып жатышат.
«Берекет универсал» дүң базарынын соодагерлери жаңы жылдын алдында мэриянын алдында митингге чыгып, базардын жабылышына каршылык билдиришкен.
Ленин районунун акимчилиги «Азаттыкка» бул базар боюнча маселе эки ишкердин ортосундагы иш экенин маалымдап, акимчилик ага кийлигише албай турганын билдирген.
Бишкектеги Ош базары былтыр үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар «базарды көчүрүү максатында атайын жасашты» деген божомолдорун айтышкан. ИИМ ошол кезде Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдаган. (КЕ)