Ошто “Азаттыктын” кабарчысын дарыгерлер текшерип жатышат
Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат. Ишембиде Ош шаарында Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, "Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?" деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына... Читать дальше...