Ат-Башыдагы кирпич завод төрт күн жарыгы жок иштебей турду
26-августта жарыгы өчүрүлгөн Ат-Башыдагы кирпич заводдун электр энергиясы 30-августа кайра кошулду. Бул тууралуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары Замирбек Жакыпов билдирди. Анын айтымында, завод электр энергиясына болгон июль айындагы карызы төлөнбөгөндүктөн өчүрүлгөн. Ошондой эле заводдогу электр энергиясын эсептөөчү аппарат туура эмес иштеп жатканы аныкталган.
- Мамлекеттик стандарт эсептегичтин бир фазасы иштебей атканын аныктаган корутунду чыгарып берди. Мунун негизинде заводдун электр энергиясына карата төлөмдөр кайра эсептелет, - деди Жакыпов.
Ал эми заводдун жетекчиси Жеңиш Кыдыралиев карызын 28-августта эле төлөгөнүн, төрт күн электр энергиясы жок отурганы үчүн завод 200 миң сом чыгым тартканын билдирүүдө.
Буга чейин райондук электр тармактар ишканасы «20 миң сомдон ашык карыз төлөнбөй жатат» деп жаңы ачылган кыш заводунун жарыгын өчүрүп кеткен. (MiK)