Иран мунай кениндеги чабуул боюнча АКШнын айыптоосун чете какгы
Тегеран АКШнын Сауд Арабиядагы мунай кенине жасалган чабуулдун артында алар турат деген айыптоосун четке какты. Ирандын жогорку кызмат адамдары 15-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Тегеран дүйнөлүк мунай жеткирүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Аббас Мусави Сауд Арабиядагы чабуулга Иран тиешеси бар деген дооматты төгүндөп, мындай куру айыптоолор орунсуз экенин белгилеген. Анын айтымында, айыптоолор Иранга каршы болочоктогу иш-аракеттерди актоо үчүн жасалып жатат.
Дүйнөдөгү ири кара май өндүрүүчү өлкө саналган Сауд Арабиянын чыгышындагы эки мунай кенине жасалган чабуу үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алган. Мамлекеттик "Aramco" компания 14-сентябрда эртең менен болгон чабуулдан кийин мунай өндүрүү 5,7 миллион баррелге чейин кыскартылганын билдирди.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Май Помпео бул чабуул Йемендин аймагынан жасалганы жөнүндө эч кандай далил жок экенин белгилеп, Ирандын президенти Хасан Роухани менен тышкы иштер министри Жавад Зарифти “жалган дипломатия жүргүзөт” деп күнөөлөдү.
"Тегеран Сауд Аравиядагы 100дөй чабуулдун артында турат, ошол эле кезде Роухани менен Зариф дипломатия менен алектенип жактандай түр көрсөтүүдө” деп жазды ал “Твиттер” баракчасындагы билдирүүсүндө.
Ошондой эле Майк Помпео аймакта АКШнын аскер күчтөрү барын жана алар ракетасы Иранга жете ала турган аралыкта экенин да эскерткен.