АКШ: Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына Роберт О’Брайен сунушталды
АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына Роберт О’Брайендин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Трамп 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жазды.
Роберт О’Брайен ушул тушта Мамлекеттик департаментте иштейт жана президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматында турат.
Буга чейинки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул айдын башында кызматтан алынган. Дональд Трамп анын себебин Болтондун бир топ кеп-кеңешине макул болбогону, ынабаганы менен түшүндүргөн. Тактап айтканда, ал кеңешчисинин Түндүк Корея жана Венесуэла боюнча сунуштарын сынга алган.
Жон Болтон бул кызматка былтыр март айында дайындалган эле. Ага чейинки кеңешчи Майл Флинн АКШдагы Орусиянын элчиси менен байланышынан улам тутанган жаңжалдан кийин иштен кеткен.