Роухани: Иран басым алдында сүйлөшүүгө барбайт
Ирандын президенти Хасан Роухани 25-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп, Иран "санкциялардын басымында турганда өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөргө барбайт" деп билдирди. Ал ошондой эле АКШны "ырайымсыз экономикалык терроризм" үчүн да айыптады.
- Биз басым алдында сүйлөшүүгө барбайбыз. Иран бийлиги тарыхтагы эң катаал санкцияларды колдонуп жатышканын бекемдегендер менен сүйлөшүүгө бара албайт - деди Роухани.
Мындан тышкары ал Иран "көз карандысыздыгы жана илимий-техникалык өнүгүү үчүн өз укугун коргой турганын" белгиледи.
Тегеран менен Вашингтондун мамилеси өткөн жылы АКШ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгып кеткенден кийин катаалдашкан. Ошондон бери АКШ Иранга санкцияларын кеңейтип, алардын негизги өңүтүн мунай экспортуна таасир этүүгө бурган.
Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирип келет.
АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин соңку курчушуна 14-сентябрда Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна жасалган террордук чабуулдар себеп болду. АКШ жана Батыш Европа буга Иранды күнөөлөп жатат.
Мунай заводдорундагы жардырууга жоопкерчиликти Иран колдогон йемендик хусит шииттери өзүнө алышкан.