Ооганстанда жарылуудан жараат алган журналист набыт болду
Ал Кандагарда президент Ашраф Ганинин эл менен жолугушуусу учурундагы жанкечтинин жардыруусунан жараат алган. Hewad TV 25-сентябрда Абдул Хамид Хотаки ооруканада жан бергенин маалымдады.
"Абдул Хамид Хотаки быйыл Ооганстанда өлтүрүлгөн жетинчи журналист болуп калды" деп жазды Ооган журналисттеринин борбору.
Кандагардагы жардырууга Ички иштер министрлиги талибдерди күнөөлөп жатат. Бирок азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Жардыруулар Ооганстанда 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында күч алды.
28-сентябрда боло турган шайлоого 18 талапкер ат салышып жатат.
Быйыл август айында Ооганстандын ачык шайлоо фонду жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, добуш берүүгө укуктуу адамдардын 43% гана шайлоого баруу ниетин билдиришкен.
«Талибан» кыймылы өлкөдөгү 400 райондун дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. Бийлик бул аймактардагы эки миңдей шайлоо бекети ачылбай турганын билдирди.