“Кумтөргө” коруктун жери кеткенби?
Кыргыз өкмөтү 2009-жылкы Макулдашуунун шарттарын аткаруу үчүн мурда алынган 16 миң 330 гектар жер аянты “Кумтөргө” кайра кайтарылып берилгенин жарыялаган. Бирок өкмөт 2012-жылы ызы-чуу болгон “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик жаратылыш коругунун жери кен казуучу аянтка кирген эмес деп ишендирип жатат.