Бишкекте “Мурас чыйыры” аттуу фестиваль өтөт
Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарында “Мурас чыйыры” аттуу фестиваль өтөт.
Уюштуруучулардын белгилешинче, бул “Музейдеги түн” акциясындагы #назикмурас же #хрупкоенаследие долбоорунун уландысы.
Анда шаар тургундары жана коноктор эски Пишпек шаарын, XIX кылымда салынган имараттарды көрө алышат. Алардын катарында Пишпек шаар старостасы 1986-жылы курулган Илья Терентьевдин үйү, Сүрөтчүлөр биримдигинин көргөзмө залы, 1979-жылы салынган Михаил Фрунзенин үйү бар.
Фестивалдын алкагында эски шаарга, эски сүрөттөр менен ошол кездин модасына эскурсия жасалат.
Кыргызстанда 2013-жылдан бери «Музейдеги түн», «Музейдеги каникул» өңдүү бир топ акциялар өткөрүлүп келет. (КЕ)