Вацлав Гавел атындагы сыйлык Кытайда камакта отурган уйгур окумуштууга берилди
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) быйылкы Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайда 2014-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган уйгур тектүү окумуштуу, укук коргоочу Илхам Тохтиге берди. Бээжин Тохтиге жикчилдик тууралуу айып таккан.
Бул сыйлыкка быйыл Тажикстанда камакта отурган адвокат Бузургмехр Ёров да көрсөтүлгөн. Ал "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген.
Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлык 2013-жылы негизделген жана сыйлыктын өлчөмү 60 миң еврону түзөт.
Былтыр бул сыйлыкты ошол кезде абакта отурган, Орусиядагы "Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиев алган. Сот 2018-жылы март айында аны маңзат сактоо беренеси боюнча төрт жылга колонияга кескен. Титиев быйыл жайында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошогон.