Казакстанда террорчулук боюнча соттолгондор ачкачылык жарыялашты
Казакстандын Алматы шаарында «терроризмди жайылткан, кастыкты козуткан» деген айып менен өткөн айда камалган сегиз адам дүйшөмбүдөн тартып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу алардын жакындары айтып чыгышты.
Абактагылар сот чечимин мыйзамсыз деп эсептешет. Алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, экс-президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, маселени акыйкат териштирүүнү өтүнүшкөн. Эгер бийлик чара көрбөсө абактагылардын туугандары да 10 күндөн кийин ачкачылык акциясына кошуларын айтып жатышат.
Сегиз кишини 5-августта Алматынын соту 5-8 жылга чейин түрмөгө кескен. Кылмыш ишинин материалында айыпталгандардын бири «WhatsApp» мессенжерине “терроризмди жана салафизм идеясын жайылтуу” жана “бул агымдын жолун жолдоочуларды көбөйтүү” үчүн атайын топ ачып, ага сегиз тилектешин киргизген деп чечмеленген.
Жергиликтүү «Альянс Тирек» укук коргоо уюму бул кишилерди «диний ишеними үчүн куугунтукталгандардын» тизмесине кошкон.