Орусияда арак-шарап ичкендер кескин азайды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2003-2016-жылдары Орусияда спирт ичмдиктерин ичүү 43 пайызга азайганын, мындан улам адамдардын өмүрүн узактыгы жогорулаганын билдирди.
Аталган уюм муну мамлекеттин алкоголдун сатылышын чектеген, дени сак жашоого үгүттөгөн чаралары менен негиздеди.
Баяндамада "Орусия узак убакыт арак көп ичкен жарандардын мекени деп эсептелип келген. Бул 1990-жылдарда адам өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгон. Акыркы жылдары бул абал оңоло баштаганы байкалат", - деп айтылат.
Буга чейин орус жарандарынын жашоо узактыгы жогорулап, тарыхый чекке жеткени кабарланган. Былтыр аялдардын орточо жашоо узактыгы 78, эркектердики 68 жашты түзгөн. 1990-жылдары, маселен, эркектердин орточо жашоо өмүрү 57 гана болчу.
СССРдин акыркы лидери Михаил Горбачев алкоголго каршы өнөктүк жүргүзгөн. Бул өз кезегинде 1980-жылдан 1990-жылга чейин арак-шарап ичүүнүн азайышына алып келген. Бирок Советтер союзу кыйрагандан кийин спирт ичимдиктерин ичкендер кескин көбөйгөн.
Расмий Москва ушул тушта тамеки чегүүгө каршы өнөктүк жүргүзүп жатат. Өлкөдө 2009-2016-жылдары чылым тарткандар 20 пайыздай азайган.