Тажик бийлиги "Facebook", "Youtube" жана "Азаттыктын" сайтына бөгөт койду
Бүгүн, 1-октябрда Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты, "Facebook" жана "YouTube" социалдык тармактары ачылбай калды.
Тажик телекоммуникациялык кызматынын аткаруучу директору Илхом Атоев сайттарга бөгөт коюлганы тууралуу анын кабары жок экенин билдирди.
Айрым эксперттердин айтымында, буга бозгунда жүргөн тажик оппозициясынын лидери Мухиддин Кабиринин Варшавада ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн түз көрсөтүлүшү себеп болушу мүмкүн.
Өткөн айдан тарта Тажикстандагы алдыңкы маалымат порталдардын бири - «Азия-Плюс» ачылбай калган. Маалымат агенттигинин жетекчилери тиешелүү мекемелерге кайрылышканын, бирок өлкөнүн Байланыш кызматы жагдай териштириле турганын билдиргени менен жыйынтык чыга электигин маалымдаган.
Анын алдында Орусиянын көзөмөл мекемеси Роскомнадзор «Азия-Плюсту» жаап койгон. Мекеме сайттагы Тажикстандын Согди облусунда өз жанын кыйган кыз жөнүндөгү жаңылыкта «суицидге үгүттөөнүн элементтери бар» деп тапкан.
"Азаттыктын" тажик кызматынын сайты 2019-жылдын 6-июнуна чейин толугу менен бөгөттөлүп турган. Андан кийин маал-маалы менен жабылып турчу.