Айбек Кулчумановго кол салгандардын тек-жайы такталды
Ошто "Азаттыктын" кызматкери Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактап алгандардын тек-жайы такталды. Бирок тергөө кызыкчылыгынан улам алардын аты-жөнү жана канча киши экени айтылбай турганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, кол салгандардын баары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун туугандары. Бирок ал кишинин өзүнөн же туугандарынан муну тактоого мүмкүн болгон жок.
Кулчуманов 28-сентябрда Ош шаарында телеберүү тартып жүргөн учурда бейтааныш жигиттер аны уруп, техникасын, документтерин тартып алышкан.
Кулчумановдун арызынын негизинде шаардык милиция териштирүү ишин баштаган.
«Азаттыктын» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.
Операторго кол салгандар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданышкан.
Тартып алынган жабдуулар соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот. (SE)