Жалал-Абад мэриясындагы уурулукка шектелип өспүрүм бала кармалды
Шаардык мэриянын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүнөн жоголгон буюмдарды уурдоого шектүү катары калаанын 16 жаштагы тургуну кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргендей, өткөн айдын этегинде Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов милицияга арыз менен кайрылган. Анда 3-кабатта жайгашкан иш бөлмөсүн ачык калтырып, бир саамга чыгып кеткен учурда капчыгын, анын ичиндеги акчаларын жана жарандык паспортун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен.
“Уурдо” фактысы менен козголгон иштин алкагында бүгүн, 2-октябрда 16 жаштагы шаар тургуну шектүү катары кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгы мэрдин кабылдамасында жергиликтүү чиновниктин уюлдук телефону жоголгон факты боюнча козголгон экинчи ишти да териштирип жатат.
Ушул жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин кабылдамасында шаардык суу канал башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакировго таандык уюлдук телефону жоголгон. Ал күнү шаардагы бир топ мекеме-ишканалардын жетекчилери мэрдин иш бөлмөсүнө аппараттык жыйынга чогулушкан.
Ички тартип боюнча алар мэрдин бөлмөсүнө кирерде уюлдук телефондорун кабылдамадагы кутучага калтырып кириши керек. Жыйын аяктаган соң жетекчи калтырылган телефонун таба албай калган. “Самсунг S8” үлгүсүндөгү 30 миң сомго бааланган жергиликтүү чиновниктин кол телефону азырынча табыла элек. Бул багытта да “Уурдоо” фактысы менен кылмыш иши ачылган. (RsK)